Кыйкырып, нааразы болуп. АКШнын Багдаддагы элчилигинин алдындагы кырдаал. Видео

© REUTERS / WISSM AL-OKILIАКШнын Багдад шаарындагы элчилигине кол салуу. Архив
АКШнын Багдад шаарындагы элчилигине кол салуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтин жанындагы каршылык акция америкалык пилотсуз башкарылган учактын соккуларынан көз жумган "Каттаиб Хезболлах" шиит тобунун мүчөлөрүн жерге бергенден кийин башталган.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. АКШнын Багдад шаарындагы элчилигинин алдындагы башаламандыктын видеосун Ирандын YJC агенттиги жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

​Ага чейин Ливандын "Аль-Маядин" телеканалы америкалык аскерлер демонстранттарга карата көздөн жаш чыгарган газ колдонгонун жана андан жабыркагандар бар экендигин кабарлаган.

В Польше размещен батальон НАТО - Sputnik Кыргызстан
Өзүн эр ойлоп жүрүп... Американын алсыраган артиллериясы
Шиит козголоңчуларынын "Аль-Хашд аш-Шааби" кыймылынын өзүнүн тарапташтарын Ирак өкмөтүн сыйлап, АКШнын элчилиги тарабынан кетүүгө үндөөдө.

Alsumaria телекалынын маалыматына ылайык, ички иштер министри Ясин Аль-Ясири митинг болгон жерге катышуучулар кетип жаткандыгын билүү үчүн барган.

Элчиликтин жанындагы каршылык акция америкалык пилотсуз башкарылган учактын соккуларынан көз жумган "Каттаиб Хезболлах" шиит тобунун мүчөлөрүн жерге бергенден кийин башталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, "Аль-Хашд аш-Шааби" кыймылынын 25 жоокери көз жумуп, Ирак бийлиги ага Американы айыптаган.

Өз кезегинде АКШ абадагы соккулар "Каттаиб Хезболлах" тобу кайра-кайра Ирак базасына кол салгандыктан кабыл алгандыгын айтууда. Пентагон ал каргашада бир америкалык жаран каза болуп, төрт аскер кызматкери жаракат алгандыгын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0