Британиялык жаран 14 сантиметрлик мүйүзү менен жашап келген. Сүрөт

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүОперация жасап жаткан хирург. Архив
Операция жасап жаткан хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мүйүздүн узундугу 14 сантиметр, калыңдыгы 5,8 сантиметрге чейин жетип, ооруканадагылар аны "ажыдаардын мүйүзү" деп атаган.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Британиялык 50 жаштагы жаран далысына чыккан мүйүзүн дарылоо үчүн ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Доктор медицинских наук, уролог-андролог и сексопатолог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мамбетов: тукумсуздукту шарттаган варикоцеле оорусу башында сезилбейт
​Маалыматка ылайык, эркек киши үч жыл бою аркасына чыккан сөөк боюнча дарыгерлерге кайрылган эмес. Мүйүздүн узундугу 14 сантиметр, калыңдыгы 5,8 сантиметрге чейин жетип, ооруканадагылар аны "ажыдаардын мүйүзү" деп атаган.

Медициналык изилдөө учурунда ал мүйүз дарылоого мүмкүн болгон залалдуу шишик экендиги аныкталган. Дарыгерлер аны хирургиялык жол менен алып, ордуна бут санынын терисин тиккен.

Жаңылыктар түрмөгү
0