Forbes басылмасы "Түндүк агым — 2" долбооруна коюлган санкцияларга баа берди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Түндүк агым — 2" түтүгүнүн курулуш иштери. Архив
Түндүк агым — 2 түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордо Россиядан Балтика деңизи аркылуу Германияга чейин жылына 55 миллиард куб метр газ жеткирген эки түтүктүн курулушу каралган.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Америкалык Forbes басылмасы "Түндүк агым — 2" долбооруна каршы коюлган санкциялар газ түтүктөрүн орнотууга тоскоол болбойт деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Басылманын билдиришинче, АКШ чектөөлөрдү киргизүү боюнча бир жылга кечигип калган.

"Түндүк агым — 2" долбоору Украина үчүн жаакка чапкандай эле болуп турган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле басылмада Украина газ өткөргөн транзиттик аймак катары энергетикалык рынокко кайтып келсе, АКШ россиялык газдын импортуна каршы аргументтеринин биринен кол жууй турганы баса белгиленген. Мындан улам АКШнын Европага өзүнүн суюлтулган жаратылыш газын ташуусу оорлоп кетери айтылат.

"Бул санкциялар өтө чабал жана аябай кечигүү менен коюлган. Жада калса Россиянын каршылаштарына да жакпайт", — деп жазган басылма.

Түндүк агым-2 долбоорунун курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ "Түндүк агым-2" долбооруна каршы санкция киргизди. Россиянын жообу
"Түндүк агым - 2" долбоору Россиядан Балтика деңизи аркылуу Германияга чейин өтүүчү газ түтүктөрүнүн курулушун шарттайт. Жалпы кубаттуулугу жылына 55 миллиард куб метрди түзөт. 2019-жылы курулуш аягына чыгары айтылган. Түтүк Россия, Финляндия, Швеция, Дания жана Германиянын экономикалык аймагы аркылуу өтөт.

"Түндүк агым - 2" долбооруна россиялык газдын транзитинен кол жууп калуудан корккон Украина, мындан тышкары, бир катар европалык өлкөлөр каршы. Алардын катарында Польша, Латвия, Литва жана Евробиримдикке суюлтулган газын саткан АКШ бар. Алар аталган долбоорду саясий өңүттөгү кадам деп атап, Европанын энергетика жаатындагы коопсуздугуна коркунуч туудурат деп келишет. Россия буга чейин бир нече ирет долбоор толугу менен коммерциялык мүнөзгө ээ экенин белгилеп, россиялык газдын Украина аркылуу Евробиримдикке өтүүсүнө тоскоолдук жаратпай турганын көзгө сайып көрсөтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0