Баланын уйкусу канбаса кайсы оору пайда болот? Иликтөө

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүГруппа добровольцев из Ростова-на-Дону помогает беженцам из Украины
Группа добровольцев из Ростова-на-Дону помогает беженцам из Украины - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин балдардын уйкусуна байланыштуу иликтөө жасоосуна өспүрүмдөрдүн гаджеттерди көп колдонушу себеп болгон.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Ата-эне 18 жашка чейинки балдарынын уйкусуна жакшылап көңүл буруп, алардын убагында укташын тыкыр көзөмөлгө алышы керек. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы Нью-Йорктогу Рочестер университетинин окумуштууларына таянуу менен жазды.

Лицей Вторая школа в Москве - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар күндүзгү уйкунун кесепетин атады
Адистердин балдардын уйкусуна байланыштуу иликтөө жасоосуна өспүрүмдөрдүн гаджеттерди көп колдонушу себеп болгон.

Иликтөө маалында 193 баланын ата-энеси сурамжыланган. Алардын 74 пайызы балдары каалаган учурда уктап, каалаганда ойгоноорун айтышкан. Ошондой эле алар түн ичинде планшет, компьютерге азгырылып, көп убактысын өткөрүп жиберери маалым болгон.

"Жыйынтыгында дал ошол ата-энеси уйкусун көзөмөлдөбөгөн балдар стресске көп кабылары аныкталды. Ал эми стресс жүрөк, баш ооруларын пайда кылып, ашыкча салмак кошууга себепчи болору белгилүү болду", — деп айтылат макалада.

Адистердин пикиринде, баланын уйкусу калыбына келиши үчүн ата-энелер өздөрүн тарбиялап, маалында жатып, маалында турууга үйрөнүшү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0