15:36 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.6266
  • RUB1.0863
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
138 0 0

Изилдөөнүн авторлору мындай мүнөздөгү кан төгүүлөр көбүнесе коомдук жайда болгондуктан, журналисттер тарабынан анчалык деле кенен чагылдырылбагандыгын баса белгилешүүдө.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Америкада өтүп бараткан жылы массалык адам өлтүрүү эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу ВВС жазды.

Изилдөөнү Associated Press агенттиги, USA Today басылмасы жана Түндүк-чыгыш университети биргеликте жүргүзгөн.

"Быйыл АКШда 41 массалык адам өлтүрүү катталып, 211 адам көз жумган. Массалык адам өлтүрүүгө төрт же андан ашык жаран мерт кеткен кылмыш, кол салуу кирет. Алардын катарына Вирджини-Бич (Вирджиния штаты) шаарында май айында болгон окуя да бар, анда 12 адам көз жумган. Август айында Эль-Пасо (Техас) калаасындагы каргашада 22 адам жан берген", — деп жазылат маалыматта.

Массалык адам өлтүрүүлөрдүн эң көбү Калифорнияда болгон. Жалпы 41 каргашанын 33үндө ок атуучу курал колдонулган.

Бул багыттагы статистикалык көрсөткүчтөр 2006-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бирок 1970-жылдардан бери жасалган изилдөөдө быйылкыдай адам өлтүрүүлөр буга чейин катталбагандыгы да айтылды.

Экинчи орунду 2006-жылда болгон 38 массалык адам өлтүрүү алган. Ал эми 2017-жыл түрдүү кылмыштардан эң көп адам мерт кеткен мезгилдин сап башына чыккан. Ал жылы октябрь айында Лас-Вегастагы фестивалда кол салуу болуп, 59 жай тургун көз жумган. Каргаша АКШнын тарыхында көп адамдын каны аккан кылмыштардын бири болуп калды.

Мындан сырткары, изилдөөнүн авторлору мындай мүнөздөгү кан төгүүлөр көбүнесе коомдук жайда болгондуктан, журналисттер тарабынан анчалык кенен чагылдырылбагандыгын баса белгилешүүдө.

Ал эми Миннесота университетинин профессору, криминолог Джеймс Денсли АКШда массалык адам өлтүрүүлөр көбөйүп, ошол эле маалда адам өмүрүн алган каргашалардын саны азайып жаткандыгын айтат. Анын пикиринде, мындай кылмыштар бир эле маалда бир нече жерде болуп, алар көбүнчө Америка коомчулугундагы иренжүү, ачуулануудан келип чыгууда.

АКШнын конституциясындагы экинчи өзгөртүүдө жарандарга курал колдонуу укугу бекитилген. Биринин артынан бири орун алган массалык адам өлтүрүүлөргө карабай курал-жарактын айлануусун тыкыр көзөмөлдөгөн аракеттер азыр жүргүзүлгөн жок.

Август айындагы Эль-Пасо менен Дейтон шаарындагы атышуудан кийин президент Дональд Трамп азырынча курал колдонууга тыюу салуу эрте экендигин айткан.

"Бирок мен бул маселени сөзсүз көтөрөм. Катуу текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча суроо-талаптар болууда", — деген Трамп.

Ал көптөгөн адамдын өмүрүн алган кылмыштарды жасагандардын аракетин алардын психологиялык оорусу менен байланыштырган.

Тема боюнча

АКШнын Алабамасында аборт жасаган дарыгер 99 жылга кесилиши мүмкүн
Американын тургуну "тааныш аялынын мээсин жеген" деп айыпталууда
Белгилер:
статистика, адам өлтүрүү, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ