Москва: көчөдөн таанышкан адамга ишенген киши 6 млн. рублин алдатып жиберди

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүБанкноты рубли
Банкноты рубли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акчанын ээси өзүнүн паспортун таба албай коюп, банктын жанынан өтүп бараткан адамдарга башка валютага алмаштырып беришин сураган.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Москванын тургуну жолдон өтүп бара жаткан адамга алты миллион рубль акчасын кармата коём деп алдатып жиберди. Бул туурасында РИА Новости укук коргоо органдарына таянуу менен жазды.

Полицияга Москва шаарынын 40 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.

"Рублин жоготкон киши жаңы жылдын алдында акчасын чет элдик валютага алмаштырууну чечкен. Бирок өзүнүн пасопортун таппай коюп, жолдон өтүп бараткан адамдан жардам сураган. Ал макул болуп акча салынган сумканы көтөрүп банкка барган, коопсуздук үчүн деп шектүүнүн бир досу да жанында жүргөн. Бирок экөө тең ошондон ары из жашырып кеткен. Материалдык чыгым алты миллион рублди түздү", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча "Карактоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан окуяга шектелгендердин бири, 28 жаштагы киши кармалган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0