Сомалиде автоунаа жардырылып, 90дон ашуун киши каза тапты

© REUTERS / Feisal OmarВзрыв на контрольно-пропускном пункте в Могадишо
Взрыв на контрольно-пропускном пункте в Могадишо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз жумгандардын 17си полиция кызматкери, 73ү жай адамдар, ал эми төртөө чет элдиктер экени айтылууда. Түркиянын инженер кесибиндеги жарандары да бар дешти.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Сомалинин Могадишо шаарында мина коюлган автоунаа жарылып, 90дон ашуун киши каза болду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматты Сомали парламентинин депутаты Абдиризак Мохамед билдирген.

Ага чейин да Dalsan деп аталган жергиликтүү радио курмандыктардын саны 50 кишиге жеткендигин маалымдаган.

"Мага каза болгондордун саны 90 кишиден ашты деген кабарды айтышты. Алардын арасынан 17си полиция кызматкери, 73ү жай адамдар, ал эми төртөө чет элдиктер болуп чыкты", — деп жазган ал Twitter аккаунтуна.

Шаар мэри Омар Филиш жарылуунун кесепетинен 90 киши жабырлангандыгын, бирок өлгөндөр боюнча маалыматты так айтпагандыгын Goobjoog News басылмасы билдирди.

Нападение на таджикскую пограничную заставу на госрубежах с Узбекистаном - Sputnik Кыргызстан
Согушкерлер айланы кетирди. Тажикстан кол салуу учурунда өлтүрүлгөн балдар тууралуу
Калаа башчысы жергиликтүү университетте окугандар курман болгондугун айтты.

Шаарга кирип келе жатканда атайын кызматтын кызматкерлери токтоткондо автоунаа жарылганын кошумчалады.

Каза тапкандардын арасында түркиялык төрт инженер бар дешти.

Сомалиде радикалык исламдык "Аш-Шабаб" ("Жаш согушкерлердин кыймылы") уюму бар. Ал террордук "Аль-Каида" менен тыгыз байланышта деп айтылып келет.

Аталган уюм Сомали өкмөтүнө каршы чыгып, ал тургай БУУнун гуманитардык ишмердүүлүгүнө да бут тосуп келет. Топту 2008-жылы АКШ террордук уюмдардын катарына киргизген.

Жаңылыктар түрмөгү
0