WADA уюмунун максаты эмне? Клоунада же британиялыктардын кутуму

© Sputnik / Гильем Бейкер / Медиабанкка өтүүОлимпиада шакешчелери. Архив
Олимпиада шакешчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
WADA россиялык спортчуларды  эмне мынча жек көрөрүн жана буга Улуу Британиянын кандай тиешеси бар экенин Sputnik колумнистинин материалынан окуңуздар.

Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин россиялык спортчуларды 2020-жылы Токиодо өтчү Олимпиада оюндарынан четтетүү боюнча билдирүүсү аз-аздан унуткарылып баратканда айрымдар аталган уюмдун РФ спортчуларына болгон "арзуусунун" себебин териштирүүгө киришти. 

Версиялар көп, анын баарына токтолуунун кажети жок. WADA сыяктуу структура түзүүгө Улуу Британиянын жеке кызыкчылыгы тууралуу айтылган божомол да болду. Канчалык күтүүсүз болсо дагы ушундай дагы теория бар. Буга мааниси жок деп кол шилтеп коюуга да болбойт.

Алгач уюмдун президенти Крейг Ридини карап көрөлүчү. Британиялык спорт функционери, Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү аталган кызматка 2014-жылдын башында келген. Башкача айтканда, Сочи Олимпиадасына бир ай калганда жетекчилик алмашкан. Ким билет, балким жаңы иш ордундагы алгачкы ийгиликтерин ал дал ушул Россияда көрсөткөндүр.

Бул дагы сизди ынандыра албаса, статистикага көңүл буралы.

© © SPUTNIKУлуу Британия спортчуларынын WADA түзүлгөнгө чейинки жана андан кийинки беш жылда Олимпиада оюндарындагы көрсөткүчтөрү
WADA уюмунун максаты эмне? Клоунада же британиялыктардын кутуму - Sputnik Кыргызстан
Улуу Британия спортчуларынын WADA түзүлгөнгө чейинки жана андан кийинки беш жылда Олимпиада оюндарындагы көрсөткүчтөрү

Эгер WADA түзүлгөн бир жылдан кийинки ээ болгон 11 алтын медалды байкабай калуу ыктымал болсо, 2016-жылкы Рио Олимпиадасындагы 27 медалды көз жаздымда калтыруу мүмкүн эмес. Анын үстүнө 1996-жылы Атлантадагы бир медалдын фонунда бул бакыйып эле көрүнүп турат. Анан, албетте, жалпы медаль эсебиндеги орунга да көңүл бурбай коюуга болбойт. Эгер 2000-жылга чейин Улуу Британия ашып кетсе 9-орунду ээлеп келсе, 2016-жылы экинчи сапка көтөрүлүп, 2012-жылы үчүнчү орунга чыккан. Буга башка мамлекеттер менен салыштырмалуу допинг чуусу таптакыр болбогонун эске алсак, Дүйнөлүк антидопинг уюму көмөчүнө күл тартып жатабы деген да ой кетет.

Россия президенти Владимир Путин Москва шаарында өтүп жаткан маалымат жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Секелек кыздарда кайдагы допинг? Путин WADA чечими боюнча жооп берди
Албетте, мунун баары жөн гана дал келүүчүлүк болушу да мүмкүн, бирок карапайым киши россиялыктардын дарегине айтылган кызыктуудай айыптардын фонунда ар кайсыны ойлой берет экен.

Мындан тышкары, Россия бийлигинин да, Эл аралык олимпиада комитети менен WADA уюмунун да реакциясы кызык болду.

Россия президенти Владимир Путиндин айтар сөзү белгилүү болчу десек туура болчудай. Өлкө намысын коргоп, спортчулардын өз туусу жана гимни алдында чыгуу укугун кайтаруу. Бир суроо жаралат. Кантип?

Согушта жеңишке жеткирчү ыкманын баары жакшы. Андыктан Россиянын Олимпиада жана Паралимпиада комитеттери РУСАДА менен биргеликте ар кыл конференцияларда, чогулуштарда доо арыздар тууралуу чечишип жаткан кезде Россиянын Тергөө комитети маанилүү билдирүү жасады.

Алардын маалыматы боюнча, Москванын антидопинг лабораториясынын экс-жетекчиси Григорий Родченков WADA уюмуна спортчулардын тактала элек альтернативдик маалымат базасын өткөрүп берип койгон. Мындан тышкары, россиялык спортчулардын маалымат базасына АКШ менен Германияда туруп кирүүгө, атургай допинг боюнча текшерүүлөргө кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүнчүлүк болгону айтылган.

Ал эми мындай билдирүүгө WADA уюмунун жообу күлкү келтирерлик болду. ЖМКнын узаткан суроолорунун баарына "маалыматты алар декабрдын башында бергенбиз, мындан башка эч нерсе айта албайбыз" деп жооп берип жатышты. Соттолуп жаткан киши өзүнө каршы көрсөтмө берүүдөн баш тартып жаткандай эле болду. Эмне дейбиз...

Убалга калган төрт жыл. WADA чечиминин өзөгүндө эмне бар? Видео - Sputnik Кыргызстан
Убалга калган төрт жыл. WADA чечиминин өзөгүндө эмне бар? Видео
Россиялык федерациялар азырынча чогуу турганын көрүүгө болот. Бул да маанилүү учур. Олимпиада жана Паралимпиада комитеттери РУСАДА тарабынан үчүнчү жак катары чыгууга да даяр турат. Болгону РУСАДАнын акыркы чечими калды. Ошентсе да бул чуулгандуу ишке чекит кийинки жылдын жаз айларында коюлат окшоп калды. Олимпиада бүгүн-эртең башталат деп, спортчулар болсо ага катышаар-катышпасын билбей турганда акыркы чечим чыгат.

2020-жылдын жазын күтпөй эле бир нерсени ишенимдүү айта берүүгө болчудай. Эл аралык олимпиада комитети билип-билбей өзүн кызык абалга тушуктурду. Эгер Эл аралык олимпиада комитети россиялыктардын баарын оюндардан четтетип, туу менен желекти пайдаланууга тыюу салган чечим кабыл ала турган болсо, дүйнөлүк спортту тескеген аткаминерлердин уяты көпкө узатпаса керек. Жооп кайтараар жүйөсү жок да.

Жаңылыктар түрмөгү
0