РФ министри: "Түндүк агым-2" курулушуна эч бир санкция жолтоо боло албайт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү "Түндүк агым-2" газ түтүгүнүн курулуш иштери. Архив
 Түндүк агым-2 газ түтүгүнүн курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти Дональд Трамп 20-декабрь күнү 2020-жылга коргонуу боюнча бюджетти бекиткен. Анда "Түндүк агым-2" жана "Түрк агымы" газ түтүктөрүнүн курулушуна каршы санкциялар да каралганы маалым.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. "Түндүк агым-2" газ түтүгүнүн курулушу эч бир санкцияга карабай аягына чыгат. Бул тууралуу Россиянын энергетика министри Александр Новак айтканын РИА Новости жазып чыкты.

Чиновниктин айтымында, ушу кезде түтүктүн 160 чакырымын орнотуу калды.

Строительство газопровода Северный поток-2 в Ленинградской области - Sputnik Кыргызстан
Россия АКШнын санкцияларынан коркпошу керек. Эмне үчүн?
Министр Швейцариянын Allseas компаниясы курулуштун өзүнө таандык бөлүгүн бүтүрө албай калат деп айтуу азырынча эрте экенин белгиледи. Аталган компания санкциялар боюнча АКШнын Финансы министрлигинин түшүндүрмөсүн күтүп жатат.

Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 20-декабрь күнү 2020-жылга коргонуу боюнча бюджетти бекиткен. Анда "Түндүк агым-2" жана "Түрк агымы" газ түтүктөрүнүн курулушуна каршы санкциялар да каралган.

АКШ подрядчы компаниялардан курулушту дароо токтотууну талап кылып, "Түндүк агым-2" түтүгүн орнотуп жаткан Allseas компаниясы азырынча иштебей турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0