Назарбаев: Путиндин саясаты жемишин бере баштады

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүКазакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев РИА Новости агенттигине маек куруп, 20 жыл мурда жаңыдан өлкө башчылыкка келген Владимир Путин тууралуу айтып берди.

Назарбаев Казакстан менен Россиянын ортосундагы мамиле кантип курулганына, РФ президентинин ишеничине кантип кирүү керектигине да токтолгон. Ошондой эле Путиндин дооруна баа берди.

— Сиз Владимир Путин менен көп ирет жолуккансыз. Анын президенттик тактынын мураскери экенин качан билдиңиз? Сизге өзү кандай таасир калтырды?

 Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин жана азыркы президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ельциндин кетип жатып Путинден өтүнгөн жалгыз суранычы белгилүү болду
— Өткөн кылымдын 90-жылдары оор мезгил эле. Дал ошол маалда Россияда эле эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө саясий жана экономикалык ири өзгөрүүлөр болду. Советтик системадан рынок экономикасына өтүп, бүгүнкү Россиянын негиздери түптөлгөн.

Мунун баары күрөш менен коштолду. Көпчүлүк жүргүзүлүп жаткан реформаларга, өзгөрүүлөргө макул болгон жок. Борис Николаевич Ельциндин эмгегин баалаш керек, ал Россияны түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн тандап алган багытынын туура экенинен күмөн санаган эмес.

Ельцин мураскерди көпкө чейин тандап жүрүп, акыры Владимир Путинге токтолду. XXI кылымдын босогосунда Кремлге өзүнөн мурункуларга таптакыр окшобогон жаңы саясатчы келди. Ал убакта Путиндин доору башталды деген ой эч кимге деле келген эмес.

Владимир Владимирович өкмөттүн башына келгенде мени дүйнө таанымынын кеңдиги, күч-кубаты, оор маселелерди чечүүгө даярдыгы таң калтырды. Путин мага бардык чакырыктарга жооп берүүгө даяр адамдай көрүндү.

Негизи эле орус элинин бактысы бар экен. Путин бийликке келип, өлкөнү оор сыноолордон алып өттү. Анын жетекчилиги алдында Россия кайрадан ири державага айланды.

— Путин менен мамилеңиз ал президенттин милдетин аткарып баштагандан тарта эле жакшы болгонун айттыңыз эле. Сиздин саясий тажрыйбаңыз бар болчу. Кеңеш берчү белеңиз? Тажрыйбаңызга карабай Путинден кеңеш уккан учурларыңыз болду беле?

— Бирөөгө кеңеш айтуу оңой, чечим кабыл алуу оор деген сөз бар эмеспи. Анын үстүнө миллиондогон адамдын тагдыры турса... Мамлекетти башкарыш — чоң жоопкерчилик, оор жүк. Бардык эле кишинин колунан келе бербес иш.

Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев Россия — Украина ортосуна арачы болуу максатында. Кремль эмне деди
Россия бийлигине келгенде Путиндин саясаттагы тажрыйбасы мол эле болчу. Санаалаштардын, кесиптештердин пикирин кулак сыртынан кетирчү эмес. Экөөбүздүн ар бир жолугушуубуз бекитилген регламенттин алкагынан чыгып, протокол боюнча бөлүнгөн убакыттан ашып кетчү. Талкуу жүргүзөбүз, пикир алмашабыз, кээде талашып-тартышабыз. Бул Евразиядагы эки ири өлкө башчынын кадимки жумуш учуру. Талаштан чындык жаралат эмеспи.

Ушул жерден кандай гана саясатчы болбосун, анын ишмердүүлүгүнө калыс бааны убакыт гана бере ала турганын айта кетейин. Менимче, азыр Путиндин дооруна кандайдыр бир баа берүүгө эртелик кылат.

— Сиз Путин айтканын жасай турган киши экенин белгилегенсиз. 20 жыл ичинде Россиянын кызыкчылыгы үчүн айтканын аткара албай калган учуру болдубу? Негизи эле мындай сапат президентке жардамчы болобу же тоскоолдук жаратабы?

— Путин үчүн убадасынын өтөсүнө чыгуу — ар намыстын иши. Бирок убаданы да жөн эле бере бербейт. Владимир Владимирович чыныгы достуктун барк-баасын билген адам.

Турмуштан эле мисал алалычы. Кырс, калпычы, канкор киши менен кимдин достошкусу келсин? Жөн эле мамиле курууну да эч ким каалабайт. Саясатчы менен мамлекеттер деле ошондой. Алар деле ар кандай болот, арасында мээримдүүсү да, кара мүртөзү да бар, убадасын аткарганы да, куру сөз менен тойгузган саткындар да кездешет.

Путин жүргүзгөн саясат жемишин бере баштады, Россиянын күчү, дарамети күндөн-күнгө өсүп бара жатат.

— Ушул кезге чейин экөөңөрдүн ортоңордо курч пикир келишпестик болдубу? Сизге анын бардык эле аракети жагабы?

Саммит международного фонда спасения Арала в Туркменбаши  - Sputnik Кыргызстан
Тиш доктур, башкарма, референт... Борбор Азия президенттери мурда кайда иштеген?
— Ар бир саясатчы өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргошу керек. Владимир Владимирович күчтүү саясатчы, сүйлөшүүлөрдү мыкты жүргүзөт. Бүгүнкү күндө бир дагы эл аралык ири маселе Россиясыз чечилбейт. Бул дүйнөгө болгон глобалдуу таасир. Владимир Путиндин сиңирген эмгегин таануу деген ушул эмеспи.

Казакстан менен Россиянын позициясынын жакындыгына карабастан эл аралык күн тартипте турган тигил же бул маселени чечүүдө көз караштарыбыз ар башка. Биз муну жакшы түшүнөбүз, андыктан өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн бардык аракеттерди көрүп келебиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0