Сауд Аравияда эрте никеге турууга тыюу салынды

© AFP / PETER STEFFEN / DPAХиджабчан аял. Архив
Хиджабчан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравияда ушул жылдын башына чейин үй-бүлө куруунун жаш курагы аныкталбагандыктан, кыздарды турмушка берүү көйгөйү курч турган.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Сауд Аравиянын бийлиги көп жылдык талкуудан кийин эрте никеге турууга тыюу салды. Эми үй-бүлө курам дегендердин жашы 18ге толушу керек. Бул туурасында РИА Новости аймактык Saudi Gazette басылмасына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, жаңы мыйзамды юстиция министри Валид ас-Самаани жергиликтүү соттордун бардыгына жиберген.

Сауд Аравиясындагы тез татым жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравияда эркек менен аялдар эми кафе-ресторандарга чогуу кире баштайт
Эгер 18 чыга элек өспүрүм никеге тургусу келсе, ага атайын дайындалган соттор уруксат бериши керек. Алар жаш балдардын эрте үй-бүлө курушу келечегине кандай таасир этерин кеңешип, чечим чыгарышат.

Сауд Аравияда ушул жылдын январь айында 15 жашка чейин никеге турууга тыюу салынган. Ага чейин үй-бүлө куруунун жаш курагы аныкталбагандыктан, кыздарды турмушка берүү көйгөйү актуалдуу болгон. 2017-жылы Сауд Аравиянын Меджлис аш-Шура парламентинин өкүлдөрү юстиция министрине кат жолдоп, 15 жашка чейинки кыздардын турмушка чыгуусуна тыюу салууну өтүнүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0