Таң калычтуу... Көчөдө жашагандарга акча чачкан рэперди баалашкан жок. Видео

© AP Photo / Scott Roth / InvisionРэпер Джонатан Портер, выступающий под псевдонимом Blueface
Рэпер Джонатан Портер, выступающий под псевдонимом Blueface - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Музыканттын көчөдө жашагандарды сүйүнтүп коёюн деген аракетин айрымдар жактыра берген жок. Тетиринче, аларга зыян алып келгенин айтышты.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Blueface каймана аты менен таанымал рэпер Жонатан Портер Лос-Анджелестеги эң жакыр аймакка барып, көчөдө жашагандарга акча чачты. Бул "эрдигин" өзү видео тарттыртып Twitter-аккаунтуна жүктөгөн. 

​Кадрларда көрүнүп тургандай, рэпер жолтанбадастын үстүнө чыгып алып, чапчып кармаган долларларды чачат.

Роликтин алдына "Белектердин учуру" деп жазып койгон.

Американская певица Леди Гага - Sputnik Кыргызстан
Фанатына жармашып бийлеген Леди Гага сахнадан кулап кетти. Видео
Бирок анын бул кайрымдуулугун социалдык тармактардын айрым колдонуучулары акылсыздык катары кабыл алып, сын айтып чыгышты.

"Бул кайрымдуулук эмес, элге минтип жардам бербеш керек. Өтө оройлук, башка аракеттерди көр", — деп жазды CulturalBunker.

"Айрым адамдар муну баалап жатышат, бирок бул баңги зат колдонгон адамдарга накталай акча таратып  жатпайбы... Алар азыр чуркап барып көбүрөөк доза алышат", — деген пикирин калтырган Алина аттуу колдонуучу.

Бирок интернетте аны мактагандар дагы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0