09:08 02 Бештин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7998
  • EUR101.5859
  • RUB1.1111
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
438 0 0

Продюсер чындыгында эл көп талап кылган ырчылардын сап башында Юрий Антонов турарын айтып, бирок ал өзү кечелерге чанда барарын кошумчалаган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Продюсер Евгений Морозов жаңы жылдык корпоративде россиялык артисттер канча аларып айтып бергенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, он жылдан бери эң көп акы төлөнгөн беш ырчы саптан түшпөй келет. Алар Григорий Лепс, Валерий Меладзе, Лолита Милявская, Дима Билан жана Леонид Агутин. Продюсер белгилегендей, бул өнөрпоздор жылына 100дөй жеке иш-чарага баргандыктан, киреше табууда рекорд коюп келишет.

Морозов чындыгында эл көп талап кылган ырчылардын башында Юрий Антонов турарын айтып, бирок ал өзү кечелерге чанда барарын кошумчалаган.

Продюсер "кымбат" ырчылардын катарындагы Вера Брежнева 100 миң еврого чейин алса, Полина Гагаринага 80 миң евро төлөнөрүн билдирген. Ошондой эле орточо гонорар алгандардын катарына Владимир Кузьмин, Сосо Павлиашвили жана Любовь Успенская турары айтылат. Алардын сый акысы 50 миң долларга чейин.

Ал эми алып баруучулардан Иван Ургант, Николай Басков, Максим Галкинди көп чакырышат. Алардын иш-чараны тескегени 80 миң евро турат.

Тема боюнча

Forbes оңбогондой акча тапкан россиялык Instagram-блогерлерди атады
Белгилер:
гонорар, продюсер, артист, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ