Экинчи типтеги кант диабетин басаңдатуучу диета табылды. Жаңы иликтөө

© AP Photo / Rogelio V. SolisПроблема с ожирением в Мехико
Проблема с ожирением в Мехико - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи типтеги кант диабети 40 жаштан өткөндөн кийин башталып, көбүнесе семирүүдөн улам пайда болот. Мунун негизги себеби инсулиндин жетишсиздиги болуп саналат.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Экинчи типтеги кант диабети менен жабыркагандардын тамак-аш рациону көбүнесе суюк азыктардан турганы жакшы. Мындай бүтүмгө Ньюкасл университетинин (Англия) окумуштуулары келгенин Daily Mail басылмасы жазды.

Вы не узнаете Бишкек из-за смога — видео, которое стоит смотреть до конца - Sputnik Кыргызстан
Шаардагы ыш өпкөдөн башка кайсы органдарды талкалайт? Иликтөө
Бул үчүн окумуштуулар мындай илдетке кабылган 5 миң ыктыярчыга изилдөө жүргүзгөн. Алар бир жыл бою күнүнө 800 калорийден ашпаган диетага отургузулган. Тагыраагы, оорулуулар көбүнесе майы аз, суюк тамактарды көп ичкен", — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында ар бир он адамдын тогузунун оорусу басаңдап, абалы мурдагыдан жакшырып калганы  белгилүү болгон.

Медиктердин айтымында, экинчи типтеги кант диабети 40 жаштан өткөндөн кийин башталып, көбүнесе семирүүдөн улам пайда болот. Мунун негизги себеби инсулиндин жетишсиздиги экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0