Окумуштуулар: атанын уругундагы мутация баланын аутизмине себеп болушу мүмкүн

© AFP / ULISES RUIZСитуация с мигрантами в Мексике
Ситуация с мигрантами в Мексике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык окумуштуулар иликтөөнү тастыктоо үчүн испаниялык кесиптештери менен биргеликте балдары аутизм менен ооруган сегиз эркектин уругун анализдешкен. Натыйжада спермадагы клеткалардын 15 пайызы мутация болуп кеткени билинген.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Окумуштуулар балдардагы аутизмдин бирден-бир себеби атасынын уругунун мутация (организмде тукум кууган касиеттердин өзгөрүшү — ред.) болушу мүмкүндүгүн билдиришти. Иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу РИА Новости жазды.

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, ар бир алтымышынчы бала аутизм менен жабыркайт. Ондогон жылдардагы иликтөөлөргө карабастан аталган илдеттин себеби табышмак болуп келет.

Проект 40 девушек в этнокомплексе Супара - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар адам кайсы курактарда картая турганын айтышты
Сан-Диего шаарындагы Калифорния университетинин окумуштуулары оорунун бир себеби атанын генетикасынын бузулушу деп болжолдогон. Тагыраагы, оору түйүлдүктүн жаралышында балага берилет. 

Окумуштуулар бул иликтөөнү дагы бир ирет тастыктоо үчүн испаниялык кесиптештери менен биргеликте балдары аутизм менен ооруган сегиз эркектин уругун анализдешкен. Натыйжада спермадагы клеткалардын 15 пайызы мутацияланып кеткени билинген. Ал мутациялар эркектин ден соолугуна терс таасирин тийгизбейт жана тукум куубайт, бирок баланын ДНКсында болушу мүмкүн экендиги айтылат.

Ошондой эле окумуштуулар уруктун мутациясын баалаган ыкманы иштеп чыгышкан. Адистер ата-эне балалуу болууну пландап жатканда бул нерсени эске алат деген пикирде экендигин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0