Крымда ЕБдин Крым көпүрөсү боюнча көрө албастык билдирүүсүнө жооп беришти

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин открыл железнодорожное движение по Крымскому мосту
Президент РФ В. Путин открыл железнодорожное движение по Крымскому мосту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү Крым көпүрөсү боюнча жүргүнчүлөр поезди жүрө турган темир жол кыймылын расмий ачты.

БИШКЕК, 24-дек. – Sputnik. Евробиримдик (ЕБ) Керчь куймасы аркылуу өткөн курулуш боюнча саясий оюндарды токтотуп жана кош кабат стандарттардан алысташы керек. Бул туурасында Крым парламентинин вице-спикери Владимир Бобков айткандыгын РИА Новости жазды. 

Россия президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү Крым көпүрөсү боюнча жүргүнчүлөр поезди жүрө турган темир жол кыймылын расмий ачты. Муну менен катар эле жүк ташуучу каттамды 2020-жылдын 1-июлунан тарта иштетүүнү пландап жатышат. Мындан кийин эле Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча кызматынын расмий сайтында темир жол каттамын ачуу "Россия тарабынан Украинанын аймактык бүтүндүгү менен суверендүүлүгү бузулган дагы бир учур" деп айтылды.

"Кандайдыр бир упай топтош үчүн Евробиримдик Крым көпүрөсүнүн айланасында дипломатиялык жана саясий оюндарды токтотушу керек. Керчь куймасы аркылуу өткөн көпүрөнүн курулушу — тарыхый учур, муну тааныш керек. Россия дагы бир инфраструктуралык секирик жасады", — деп айтып берген Бобков РИА Новостиге.

Визит главы МИД РФ С. Лаврова в США - Sputnik Кыргызстан
Лавров: Европа биримдиги Россия менен тең укуктуу мамилеге даяр эмес
Анын айтымына караганда, ЕБ өзүнүн позициясын кош стандарт менен алып чыгып жатат.

"Европалыктар мындай инфраструктуралык секириктерге (Дания менен Швециянын ортосуна курулган Эресуннск көпүрөсү) кубанган мисалдар бар. А бүгүн эмнегедир өкүнүп турушат. Мунун баары кош стандарттардын саясаты. Көпүрө куруу сыяктуу жасалган мындай секириктерге терс баа берүү кыйын, андыктан ЕБдин билдирүүсү кара ниеттик катары эле кабыл алынат", — деди вице-спикер.

Краснодар крайынан Керчке чейинки жол 16 мүнөттү түзгөн. Аталган көпүрө Крым менен Краснодар крайын байланыштырат. Эки аймактын аралыгы — 19 чакырым.

Жаңылыктар түрмөгү
0