Жеки Чан кино тартуу учурунда сууга чөгүп кете жаздады

© AP Photo / Casey CurryБелгилүү киноактёр Жеки Чан. Архив
Белгилүү киноактёр Жеки Чан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кооптуу эпизод "Авангард" фильмин тартуу учурунда болгон. Актёрдун айтымында, гидроцикл менен картина жаратууда асканын түбүнө тузакка түшүп калган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Белгилүү киноактёр Жеки Чан жаңы тасманы тартуу учурунда аз жерден каза болуп кала жаздаган. Бул тууралуу ал Пекиндеги маалымат жыйында билдиргенин China.org.cn басылмасы жазды.

Кооптуу эпизод "Авангард" фильмин тартуу учурунда болгон. Актёрдун айтымында, гидроцикл менен картина жаратууда асканын түбүнө тузакка түшүп калган. Ал жактан чыга албай, бир убакта чөгүп кете жаздаган. Жеки Чан кырдаалда дүрбөлөңгө түшпөй, алактап калбай, өзүн кармап, сүзүп кете алган. Андан ары кесиптештери жардамга келип, суудан чыгарышкан.

"Кечинде душка түшкөндө окуяны эстеп, чындыгында коркуп, денем калтырап кетти. Ушинтип бат эле өлүп калса болот турбайбы деген ой келди", — деген актёр.

Жеки Чан башкы ролду ойногон "Авангард" тасмасы Кытайдын кинотеатрларында 2020-жылы январдын этегинде көрсөтүлүп баштайт. Картинанын сюжетинде күзөт фирмасынын кызматкери кылмышкерлерге кытайлык миллиардердин үй-бүлөсүн уурдап кетишине тоскоол болгону баяндалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0