Туристтер быйыл кайсы жерге көп барганы белгилүү болду

© AFP / Filippo MonteforteКолизей. Архив
Колизей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылы туристтер негизинен Европаны, Америка Кошмо Штаттарын кыдырып, музейлерди жана тарыхый жерлерди көрүшкөн.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Римдеги Колизей 2019-жылы туристтер эң көп келген жер болуп калды. Бул тууралуу "Известия" Trip Advisor сервисине таянуу менен билдирди.

Турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саякаттай турган эң мыкты жерлер аталды. Ага Кыргызстан да кирди
Италиядагы тарыхый бул жай эки жыл катары менен рейтингдин көч башында. Экинчи орунда Париждеги Лувр музейи турса, үчүнчү орунду Ватикандагы музейлер ээлеген.

Ал эми төртүнчү орунга Нью-Йорктогу Эркиндик статуясы татып, алдыңкы бештикти Париждеги Эйфель мунарасы толуктайт.

Андан сырткары, туристтер көп барган жерлердин катарына Барселонадагы Ыйык Саграда-Фамилия чиркөөсү, АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы Француз кварталы, Амстердамдагы (Нидерланддар) Анна Франктын үйү кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0