Окумуштуулар: адаттан тыш көп тердөө онкологиядан кабар бериши ыктымал

© Sputnik / Валерий ЛевитинЧуркап бараткан адам. Архив
Чуркап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө түндө көп тердеген кишилер этият болушу кажет. Андан сырткары, дене табынын көтөрүлүшү жана кескин салмак жоготуу да онкологиялык оорудан кабар бериши мүмкүн.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Адаттан тыш көп тердөө (гипергидроз) онкологиялык оорудан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу Дерматология жана аллергология клиникасынын директору Висбадене Кристиан Байерл айтканын "Известия" басылмасы Focus журналына таянуу менен жазды.

Проект 40 девушек в этнокомплексе Супара - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар адам кайсы курактарда картая турганын айтышты
Окумуштуунун айтымында, көл-шал түшүп тердөө лимфома менен лейкоздон кабар бериши ыктымал. Өзгөчө түндө көп тердеген кишилер этият болушу кажет. Андан сырткары, дене табынын көтөрүлүшү жана салмак жоготуу да онкологиялык оорудан кабар берет.

Эгер киши дары-дармек ичпей, салкын бөлмөдө уктаганына карабай тердесе калкан безди (щитовидная железа) текшертүү сунушталат.

Ал эми киши катуу тердеп, ошол эле учурда суусаса, ал диабеттен кабар берет.

Айта кетчү жагдай, ар кандай кошулмасы бар калориялуу тамак жегенде да адам тердейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0