Медиктер бир бокал шампандын ден соолукка таасирин айтты

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОткрытие шампанерии "Золотая Балка" в Крыму
Открытие шампанерии Золотая Балка в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер мындан ары алкоголь ичем деген чечимди кабыл алардан мурда анын организмге таасири кандай экенин байкап көргөндөн кийин гана бир бүтүмгө келүүнү сунуштайт.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Жаңы жыл түнү бир бокал шампан ичип коюу адамдын ден соолугуна эч кандай зыян алып келбейт. Бирок колдон келишинче андан ашык ичпөөгө аракет кылуу керек. Анткени адам үчүн спирт ичимдиктеринин коопсуз дозасы жок. Мындай пикирин сурамжылоо маалында дарыгерлер РИА Новости агенттигине айткан.

Сеченов атындагы медициналык окуу жайдын нормадагы физиология кафедрасынын башчысы Алексей Умрюхин адам өзүнүн организмине алкоголь кандай таасир этерин билип алганы жакшы деп эсептейт.

"Майрамдык маанай, баары көңүлдүү жүргөн жерде бир бокал шампан менен чектелүү оңой эмес. Бирок майрамдын эртеси дагы жашоо бар. Андыктан ар бир адам организмине алкоголь кандай таасир этерин билип алып, ичүү же баш тартуу чечимин кабыл алышы керек", — деди адис.

Ал эми Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык алдын алуу боюнча башкы адиси Екатерина Иванова "алкоголь ичимдиктери эч качан коопсуз болбойт, ал канча көп ичилсе, ден соолукка ошончо көп зыян алып келет" деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0