Москвадагы атышуу: атайын кызматтын дагы бир өкүлү көз жумду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСитуация на месте стрельбы в центре Москвы
Ситуация на месте стрельбы в центре Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, оор жаракат алган кызматкерлердин бири оорукага жаткырылып, ошол жерден көз жумду. Андан тышкары беш жабырлануучу бар, алардын бири жөнөкөй жаран.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Москвадагы Большая Лубянка көчөсүндөгү атышуудан дагы бир кызматкер ооруканада көз жумду. Бул тууралуу тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренкого шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, 19-декабрь күнү Москвадагы Федералдык коопсуздук кызматынын жанында атышуу болуп, бир кызматкер каза тапкан. Дагы алты адам жаракат алган. Жергиликтүү ЖМКлар кол салган киши 39 жаштагы Евгений Манюров экенин айтышууда.

Маалыматка караганда, оор жаракат алган кызматкерлердин бири ооруканага жаткырылып, ошол жерден көз жумду. Андан тышкары беш жабырлануучу бар, алардын бири жөнөкөй жаран.

Жаңылыктар түрмөгү
0