16:19 18 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8406
  • EUR75.6129
  • RUB1.0952
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
337 0 0

Санкт-Петербургдагы КМШ мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусунда Путин кесиптештерине Экинчи дүйнөлүк cогушка жана Европа мамлекеттеринин согушка чейинки мамилелери тууралуу архивдик документтерди көрсөттү.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бүгүнкү Европа Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу чындыкты, өз тарыхындагы ыңгайсыз учурларды жаап-жашыруу үчүн айткысы келбейт. Мындай пикирин Россия лидери Владимир Путин айтканын РИА Новости жазды.

Бүгүн ал Санкт-Петербург шаарында КМШ мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусунда кесиптештерине Экинчи дүйнөлүк согушка жана Европа мамлекеттеринин согушка чейинки мамилелери тууралуу архивдик документтерди көрсөттү.

"Менимче, азыр Европа бул тууралуу жөн гана билгиси келбегени аз келгенсип, атайылап жаап-жашырып жатат. Балким, согушту баштоо айыбын улутчулдардан коммунисттерге оодара койгусу келип жаткандыр. Биз Сталин тууралуу билебиз, ага өз баабызды бергенбиз. Бирок, менимче, 1939-жылы 1-сентябрда фашисттик Германия Польшага, 1941-жылдын 22-июнунда Советтер Союзуна кол салганы факты бойдон калат”, — деди Путин.

Сөзүнүн аягында Россия лидери КМШ эч качан совет адамдарынын эрдигин, алып келген жеңишин унутпай турганын кошумчалады.

Тема боюнча

Путин СССРди жетектегендердин эң негизги катасын айтты
Постсоветтик шериктештик-2020: КМШнын күнү тууп жатабы же бүтүп бара жатабы
Белгилер:
КМШ, документ, Экинчи дүйнөлүк согуш, Владимир Путин

ЭҢ МААНИЛҮҮ