Трамп тез арада импичмент процессин баштоону талап кылды

© REUTERS / Leah MillisАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ конгрессинин өкүлдөрү президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Палата Трамп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана конгресске бут тоскон деп айыптап жатат.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. АКШ лидери Дональд Трамп Сенатта импичмент боюнча процессти баштоону талап кылды. Президент бул тууралуу Twitter баракчасына жазды.

​"Демократтар мага сот аркылуу коргонууга мүмкүнчүлүк бербегени аз келгенсип, эми сенатка бул процессти ишке ашыруу жагын үйрөткүсү бар. Айтып коёюн, демократтарда мени айыптап жаткан нерселерине далил жок, болбойт дагы. Мен импичмент процесси тез арада өтүшүн каалайм!" — деди Трамп.

Ошондой эле ал бир дагы республикачы импичментке добуш бербегенин эске салды.

Ежегодная большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан
Трамптын азыр кетерине көзүм жетпейт. Путин АКШ лидеринин импичменти тууралуу
​"Республикачылар эч качан мындай ынтымактуу болгон эмес. Демократтардын далили жок болгон үчүн сотко баргысы келбей жатат", — деп жазды президент.

Эске салсак, АКШ конгрессинин өкүлдөрү президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Палата Трамп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана конгресске бут тоскон деп жатат. Демократтардан турган парламенттик көпчүлүк импичмент үчүн добуш берсе, республикачылар каршы чыгышкан.

Эми иш Сенатка өтөт да, алар Трамп боюнча соттук процессти баштайт. Президентти кызматынан четтетүү үчүн сенаторлордун үчтөн биринин добушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0