18:07 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.3856
  • RUB1.1660
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
130 0 0

"Россия бүгүн" эл аралык маалымат агенттигинин, RT жана Sputnik агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян эстон жана орус тилдеринде өлкө президенти Керсти Кальюлайга кайрылып, журналисттердин камалып кетишине жол бербөөгө чакырган.

МОСКВА, 19-дек. — Sputnik. Sputnik Эстониянын кызматкерлерине карата жумушун алмаштырбаса кылмыш ишин козгоо шарты европалыктардын сөз эркиндиги жана демократия боюнча түшүнүгүнө туура келбейт. Мындай пикирин россиялык белгилүү теле алып баруучу Владимир Соловьев билдирди.

Эскерте кетсек, эстон бийлиги аталган агенттиктин кызматкерлерин 2020-жылдын январь айынан тарта "Россия бүгүн" эл аралык агенттигинен бошонууну талап кылган. Таллин мындай кадамын Евробиримдик  2014-жылы Украинада болгон окуялардан кийин жеке жана юридикалык жактарга салган санкцияларга негиздеди.

Соловьевдун айтымында, XXI кылымда Европа Кеңешине мүчө мамлекетте ушундай акылга сыйгыс аракеттердин болуп жатканы өтө кейиштүү.

"Демократиялык баалуулуктар бааланган өлкөдө "же иштен кет, же түрмөгө отурасың" деп айтууга шарт түзгөн кырдаалдын пайда болушуна ишене албай турам. Бир да мамлекетте мындай болушу мүмкүн эмес. Ортодо кандайдыр бир түшүнбөстүк болуп кетти дегим келип турат. Же кайсы бир аткаминер ЖМК ишмердүүлүгү тууралуу мыйзамды туура эмес окуп алган окшойт", — деди ал.

Соловьев журналисттер өз милдетин аткарып, мыйзамдуу басылмада иштеп жатканы үчүн коркутууларга дуушар болуп жатканын белгиледи.

Буга чейин "Россия бүгүн" эл аралык маалымат агенттигинин, RT жана Sputnik агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян эстон жана орус тилдеринде сүйлөп, өлкө президенти Керсти Кальюлайдды Sputnik Эстониядагы кырдаалга көңүл буруп, журналисттердин камалып кетишине жол бербөөгө чакырган.

Эстония — Балтика боюндагы Sputnik кеңсеси жана толук кандуу редакциясы бар бирден-бир өлкө. Жамаат 35 кишиден турат, алардын 33ү "Россия бүгүн" агенттигинин эмгек келишими менен иштеген Эстония жарандары. Агенттик ай сайын мамлекеттин бюджетине салык төлөмдөрүн чегерип турат. Бул 30 миң евронун тегерегиндеги сумма.

Тема боюнча

Симоньян Facebook компаниясынан Sputnik аккаунттарын жапканына түшүндүрмө сурады
Белгилер:
Sputnik, журналист, түрмө, талап, Эстония

ЭҢ МААНИЛҮҮ