Путин СССРди жетектегендердин эң негизги катасын айтты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЕжегодная большая пресс-конференция президента РФ В. Путина
Ежегодная большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин көп жылдар бою КГБда иштегенин белгилеп, Советтер Союзун башкарган жетекчилер боюнча ою башка болгонун билдирди.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Коммунисттик партиянын мамлекеттик түзүлүш процесси менен болгон байланышы негизги катачылык болгон. Ошондой эле геосаясий аспектилер эске алынбай, ал КПССтен кийин эле СССРдин ыдырашына алып келди. Мындай пикирин Россиянын президенти Владимир Путин жыл жыйынтыгын чыгарган ири маалымат жыйынында айтканын РИА Новости жазды. 

Анын айтымында, советтик жетекчилер кезинде өлкөнүн келечегин Коммунисттик партия менен чырмалыштырып койгон. Путин көп жылдар бою КГБда иштегенин белгилеп, Советтер Союзун башкарган жетекчилер боюнча ою башка болгонун билдирди.

"Бүгүнкү күндөгү менин тажрыйбамдын позициясынан айта турган болсом, идеологиялык нерселерден башка геосаясий дагы нерселер болушу керек экен. Советтер Союзун түзүп жатканда булар эске алынган эмес. Партия ыдырап баштаганда мамлекет дагы анын артынан кетти. Бул мамлекетти куруудагы катачылык, толугу менен фундаменталдык катачылык", — деди Путин.

Россия президенти Владимир Путиндин ири маалымат жыйыны Москва убактысы менен саат 12.00дө (Бишкек убактысы боюнча саат 15.00) башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0