Тердин ордуна кан чыгып. Медиктердин шаштысын алган индиялык кыздын окуясы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кан кыздын оозунан, чекесинен, көзүнөн, мурдунан жана буттарынын манжаларынан агып жатат. Андыктан дарыгерлер кызга так кесе диагноз коюуга шашпай, табышмактуу ооруну иликтеп жатышат.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Индиялык ата-эне сегиз жашар кызынан тердин ордуна кан чыгып жатканын айтып, тынсызданып баштады. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Алгачкы белгилер бир нече ай мурда башталган. Врачтардын божомолуна караганда, окуучу  сейрек кездешкен гематогидроз илдетине кабылган. Мында адам териси аркылуу акырындык менен кансырай берет.

Кансыроо бир күндө 4-5 жолу кайталанып, беш мүнөткө чейин созулушу мүмкүн.

Дарыгерлер жазып берген дары-дармек убактылуу гана жардам берип, кийин кайра "тердей" (кан чыгып - ред.) баштаган.

"Учурда кан оозунан, чекесинен, көзүнөн, мурдунан жана буттарынын манжаларынан агып жатат. Андыктан дарыгерлер кызга так кесе диагноз коюуга ашыкпай, табышмактуу ооруну иликтеп жатышат", — деп жазылат маалыматта.

Гематогидроз  — 10 миллион адамдын ичинен бирөө кабылчу сейрек илдет.

Жаңылыктар түрмөгү
0