Пакистандын экс-президенти Мушарраф өлүм жазасына тартылмай болду

© REUTERS / Mian KursheedБывший президент Пакистана Первез Мушарраф
Бывший президент Пакистана Первез Мушарраф - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн маалыматы боюнча, Мушарраф 2001-жылдан 2008-жылга чейин Пакистанды башкарып турган маалда 2007-жылы өлкөгө өзгөчө кырдаалдарды киргизип, Жогорку соттун мүчөлөрүн камоону буюрган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Пакистандын мурдагы президенти Первез Мушарраф мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Samaa телеканалына таянуу менен жазып чыкты. 

Города мира. Пхеньян - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Түндүк Кореяда аткаминер менен ТИМ кызматкерлери өлүм жазасына тартылды
Ага ылайык, мындай чечимди соттун атайын коллегиясы карап, анын курамындагы үч судьянын экөө Первез Мушаррафка эң жогорку жазаны берүүнү колдошкон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Мушарраф 2001-жылдан 2008-жылга чейин Пакистанды башкарып турган маалда 2007-жылы өлкөгө өзгөчө кырдаалдарды киргизип, Жогорку соттун мүчөлөрүн камоону буюрган. Мушаррафка карата кылмыш иши 2013-жылы өкмөттүн демилгеси менен козголгон.

2016-жылы Жогорку сот экс-президентке өлкөдөн чыгууга уруксат бергенден кийин ал дарылануу үчүн Бириккен Араб Эмирлигине учуп кеткен. Тергөөнүн белгилешинче, учурда ал Дубайда соттон жашырынып жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0