Экоактивист Грета Тунбергдин калпы чыгып калды. Кыз эмне деп актанды

© REUTERS / SERGIO PEREZАктивистка по изменению климата Грета Тунберг
Активистка по изменению климата Грета Тунберг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз вагондун полунда сумка жана чемодандар менен отурган сүрөтүн жарыялаган. Анын эл толтура вагон менен жолго чыкканын айтканы калп болуп калды.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Экоактивист Грета Тунберг Twitter баракчасына "эл толо" поезддеги сүрөтүн жарыялаган. "Немец темир жолдорунун" комментарийинен кийин окуучунун биринчи класстагы вагондо кеткени белгилүү болду.

Сүрөт кыз Мадридден Стокгольмго кайтып келе жатканда, 15-декабрда, социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылган. Кадрдан анын сумка, чемодандардын арасында вагондун полунда отургандыгын көрүүгө болот.

​Бир нече сааттан кийин эл ташыган Deutsche Bahn компаниясы ага климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүп, "экологиялык поездди" тандаганына ыраазылык билдирген.

"Мындан сырткары, компетенттүү жана илбериңкилик менен кызмат көрсөткөн биринчи класстагы вагондо келгениңизди да айтып койсоңуз мындан да жакшы болмок", — деп жазган компания.

Кто может стоять за девочкой, эмоционально выступившей в ООН, — видео - Sputnik Кыргызстан
БУУда сүйлөп элди ыйлаткан кыздын артында бирөө турабы? Видео
Deutsche Bahn компаниясы берген маалымат боюнча, Грета Тунберг Кассель — Гамбург багытында биринчи класстагы вагондо саякаттаган. Ал эми анын командасы мындай вагонго Франкфуртта жайгашкан.

Мындан кийин Twitter колдонуучулары Тунбергди сындап, ал эми вагондун полунда отурганын PR-кайырмак деп аташты. Кыз биринчи класстагы вагонго Гёттингенде гана отурганын, ага чейин эки башка поезддин полунда отургандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0