Жылдын эң оңой, такыр эле ишенимсиз деген паролдору аталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовРаспространение социальной сети в КР
Распространение социальной сети в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөнөкөй ачкыч сөз коюп алуу — адамдардын эринчээктиги менен байланышкан, себеби узунураак сөздөрдү жазганды жана эстеп калганды жактырышпайт.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. 2019-жылы интернет жана компьютер колдонуучулар пайдаланган өтө эле жөнөкөй, ачып алууга оңой сыр сөздөр белгилүү болду. Бул маалымат NordPass компаниясынын сайтында жазылып турат.

Адистер 500 миллион адамдын тармакка тарап кеткен маалыматтарын топтоп, алардын эң оңой дегендерин алып чыккан.

Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Нурсултан Жолочубеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жолочубеков: коомдук жайларда Wi-Fi колдонуу кооптуу
Эң эле көп таралган сыр сөздүн кишини аргасыздан жылмайтары айтылган, алар сандардан турган (12345,111111,123321) жана клавиатуранын тигинен же туурасынан карагандагы (asdfghjkl, qazwsx, 1qaz2wsx) ариптери болгон.

Эксперттердин айтымында, аялдардын көп тараган ысымдарын коюп алуу да почтаңдагы, компьютериңдеги башкалар окубаш керек болгон маалыматтарды "ме" деп кармата берүү менен барабар.

Кызыгы, 800 миңден ашуун адам "password" сөзүн пайдаланат экен. Бул да ишенимсиз пароль. Мындан сырткары, "iloveyou", "test", "princess", "sunshine", "monkey", "family", "football" деген "шедеврлер" кездешкен.

Адистердин айтымына караганда, мындай кадам адамдардын эринчээктиги менен байланышкан, себеби узунураак сөздөрдү жазганды жана эстеп калганды жактырышпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0