Москвада мурдагы финансы министринин 14 млрд. рубль уурдаганы аныкталды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОглашение приговора экс-министру финансов Подмосковья А. Кузнецову
Оглашение приговора экс-министру финансов Подмосковья А. Кузнецову - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-чиновникке алдамчылык, өкмөткө тиешелүү мүлктү жок кылуу, акча адалдоо беренелери боюнча айып тагылууда.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Басманный райондук соту Москва облусунун мурдагы финансы министри Алексей Кузнецов 14 миллиард рубль уурдаганын аныктады. Бул туурасында РИА Новости агенттиги жазды.

Сот экс-министрди 14 жылга эркинен ажыратып, кымырып алган каражаттын баарын мамлекетке кайтарууга милдеттендирген. Ошондой эле мамлекеттик кызматта үч жылга чейин иштөөгө тыюу салган.

Мындан сырткары, Кузнецовго таандык тогуз жер тилкеси, турак жайы, курулуш объектиси, Mercedes-benz үлгүсүндөгү автоунаасы жана банктагы 291 миң рубль акчасы камакка алынган.

Милиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пара менен кармалган тергөө бөлүмүнүн башчысы абакка киргизилди
Соттолгон министрдин коррупциялык схемасынын айынан "Москва облустук инвестициялык жана трасттык компаниясы" ачык акционердик коомуна 7,2 миллиард, облустун өкмөтүнө 3,4 миллиард рубль жана муниципалдык мекемелер зыянга учураган. Кертилип кеткен каражаттын жалпы суммасы 14 миллиард рублди түзгөн.

Экс-чиновник 2005-2008-жылдары кылмыштуу топ менен биргеликте иш жасаган. Ага кылмыш иши козголгондон кийин чет өлкөгө качып кеткен. 2013-жылы Франциядан кармалып, былтыр январь айында Россияга экстрадицияланган. Ал алдамчылык, мүлктү жок кылуу, акча адалдоо беренелери боюнча айыпталган.

Алексей Кузнецов 2000-2008-жылдары Москва облустук өкмөтүндө финансы министри болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0