Көп жегиле! Адистер шоколаддын 8 пайдасын атап берди

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүПроизводство ремесленного шоколада "MaRussia" в Тамбове
Производство ремесленного шоколада MaRussia в Тамбове  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин баамында шоколаддын пайдалуу жактарынын бири мээнин иштешин жана эске тутууну жакшыртып, чечим кабыл алууда ойду топтогонго жардам берет.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Окумуштуулар шоколадды көп жегенди сунуштап, анын илимий жактан тастыкталган сегиз пайдасын санап берди. Бул туурасында "Известия" адистерге таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, биринчи кезекте шоколаддын курамындагы антиоксиданттар кычкылтектин сиңишине жардам берет. Экинчиден, таттуудагы нитриттер организмди көтөрүмдүү, чыдамкай кылат.

Мероприятия по случаю 80-летия с начала Второй мировой войны - Sputnik Кыргызстан
Хорватия президентинин аты шоколадга берилди
Мындан тышкары, какаосу көп шоколад магний, темир, цинк, кальций сыяктуу витамин менен минералдарга бай. Ал эми кара шоколаддагы флавоноид зыяндуу делген кызгылт көк нурлардан сактайт.

Ошондой эле шоколад жегендердин маанайы көтөрүлүп, көп ачууланбайт. Башка аныктамалар боюнча мээнин иштешин, эске тутууну жакшыртып, чечим кабыл алууда ойду топтогонго жардам берет.

Ал эми дагы башка адистердин айтымында, таттуудан өзүн мажбурлап баш тарткан адамдын психикасы бузулуп, зыяндуу тамактарды көп жеп баштайт.

Андан сырткары, жүрөк-кан тамыр системасын бекемдей турганы  айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0