Сулата тээп, эсин оодарды. UFC мушкери атаандашын нокаутка кетирген видео

© REUTERS / Stephen R. Sylvanie / USA TODAY SportsUFC 245 в Парадайсе. Петр Ян и Юрай Фэйбер
UFC 245 в Парадайсе. Петр Ян и Юрай Фэйбер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш үчүнчү раунддун акыркы мүнөттөрүндө жыйынтыкталды. Муну менен россиялык мушкер UFC уюмунда алтынчы жеңишин камсыздады.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Россиялык мушкер Петр Ян UFC турниринин алкагында америкалык Юрай Фэйберди утуп алды.

​АКШнын Лас-Вегас шаарында аралаш мушташ боюнча UFC 245 турнири өттү. Россиялык жана америкалык мушкерлердин беттеши үч раундга созулду. Акыркы мүнөттөрдө Ян сол буту менен атаандашын жаак тушка тээп, нокаутка кетирип, рефери мелдешти токтотууга аргасыз болгон.

Россиялык мушкер муну менен аралаш мушташта 14-жеңишин камсыздап, бир ирет гана утулган болуп эсептелет. Ал эми UFC уюмунда алты беттеш өткөрүп, бардыгында тең жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0