Россия АКШнын санкцияларынан коркпошу керек. Эмне үчүн?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСтроительство газопровода "Северный поток-2" в Ленинградской области
Строительство газопровода Северный поток-2 в Ленинградской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тозоктуу санкциялар" аркылуу сенаторлор менен конгрессмендер күчүн рублден, Россиянын мамлекеттик облигацияларынан, нефть компаниялары менен газ түтүктөрүнөн чыгармакчы. Ага кошумча Россияны "террорчулардын демөөрчүсү" деп атап ийиши да мүмкүн.

Crimson Alter блогунун автору Иван Данилов санкциялардын Россияга кандай таасир этерин талдап чыкты.

Россияга каршы санкцияларды кароо жана бекитүү ар кыл стадияда болгондуктан экономика менен финансы секторунун кайсы багыты көбүрөөк кысымга учурары белгисиз. Жалпы жонунан антироссиялык чаралардын үч пакетин бөлүп кароого болот.

Саммит G20 в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Көз карандысыздык көлөкөсү: ЕБ АКШнын финансы системасынан бөлүнүүдө
Биринчиси — "Түндүк агым-2" долбооруна каршы кыйыр санкциялардын топтому, америкалык ЖМКлардын билдиришинче, 2020-жылдын аскерий бюджетине кирген. Мыйзамчылар россиялык газды сатып алуучуларга же "Газпромго" түз санкция киргизүүдөн айбыгып, ушу тапта Даниянын жээгинде "Түндүк агым-2" долбоорунун курулушу менен алектенип жаткан европалык компанияларга сокку урду. Долларлык операцияларынын токтоп калуу жана АКШ же америкалык компаниялар менен иштешүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыроо кооптуулугу европалык компаниялардын долбоордон чыгып, "Газпромду" газды Украина аркылуу гана өткөрүүгө аргасыз кылат деген эсеп бар.

Экинчиси деле "Түндүк агым-2" долбооруна байланыштуу. Эгер бул мыйзам долбоору конгресс менен сенатта колдоо таап, ага Трамп кол кое турган болсо, санкцияга түтүктүн курулушун каржылаган европалык компаниялар тушугат. Мындай кадамдын ишке ашып кетери да күмөн, анткени курулуш соңуна чыгып калды, тиешелүү каражат да эчак бөлүштүрүлүп бүткөн.

Үчүнчүсү — "тозоктуу санкциялар". Башкача айтканда, мыйзам долбоору расмий түрдө "Америкалык коопсуздукту Кремлдин агрессиясынан коргоо" деп аталат. Ал жакын арада каралмакчы. Reuters мыйзам долбоорунун максаты тууралуу жазган. "Сунушталган санкциялар чет өлкөдөгү шайлоого кийлигишүүгө колдоо көрсөтчү россиялык банктарга, Россиянын киберсекторуна, жаңы мамлекеттик карызга, Россия президенти Владимир Путиндин атынан мыйзамсыз жана коррупциялык ишмердүүлүктү тикелей жана кыйыр колдоого каршы багытталган. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда Россиянын нефть жана газ секторуна карата катуу чара көрүү каралган. Белгилей кетсек, россиялык казынанын 40 пайызга чукулу дал ушул нефть менен газ секторунан толукталат" деп айтылат макалада.

АКШ мыйзамчыларынын пикиринде мунун баары Россиядан коргонуу үчүн жасалып жаткан имиш. Конгрессмендер менен сенаторлор АКШга тиешеси жок нефть чыккан жердин ачылышын жеке кемсинтүү, болуп көрбөгөндөй акыйкатсыздык жана улуттук коопсуздукка коркунуч катары кабыл алат эмеспи. Нефть көйгөйүн нарыдан бери чече салып (мисалы, Сириядагыдай) көнгөн АКШ Россиянын армиясынан, флоту менен өзөктүк мүмкүнчүлүгүнөн улам ага даай албай турат. Дал ушундан улам сенаторлор менен конгрессмендер санкция сыяктуу башкача жол издөө менен убара.

Албетте, "тозоктуу санкциялардан" Россиянын финансы жана валюталык рыногу эч зыян тартпайт деген жаңылыш ой. Кедергиси тиет. Бирок Россиянын экономикасын тозокко кептейбиз деген америкалыктар да адашат. Анын үстүнө "тозоктуу санкция" эски жомок болуп бүттү. Болгону сенаторлор менен конгрессмендердин бир ууч тобуна, тагыраагы, финансы жаатында эч нерсе түшүнбөгөндөргө майдай жаккан нерсе.

Түркиядагы АКШнын аскер техникасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үңүлбөй эле, үстөмдүгүн артып... Эксперт АКШнын Түркияга жасаган басымы тууралуу
АКШнын финансы министри Стивен Мнучин деле Россияны жакшы көрбөйт. Бирок ал финансист болгондуктан эки жылдан бери санкцияларды зордоп киргизүүчү мыйзамдардын кабыл алынышына каршылык көрсөтүп келет. Анын пикиринде мындай санкцияларды Евробиримдик да киргизиши керек (ЕБнын бул тууралуу ою да жок), болбосо Вашингтон жалгыз Россиядан эле жооп албайт. Россиялык облигацияларды сатып алып жаткан чет элдиктер америкалык банктардан баш тартып, Европанын, Япониянын, Кытайдын банктарына же офшордук финансы структураларга ооп кетет. Мындан тышкары, Россиянын активдери ушу тапта былтыркыга караганда эл аралык инвесторлор үчүн пайдалуу болуп турат. Анткени европалык инвесторлор мамлекеттик облигацияларга салган инвестициясынан кирешени өнүгүп келе жаткан рыноктордон гана көрө алат. Демек, "тозоктуу санкциялар" Россия үчүн кыска мөөнөттүү ыңгайсыздык жаратса, Американын финансы сектору акчасынан да, кардарынан кол жууган кыйын абалга туш болот.

"Тозоктуу санкциялар" жана "Түндүк агым-2" долбооруна каршы көрүлчү чаралар ишке ашат эле болуш керек. Бирок керек болсо АКШнын өзүнүн аткаминерлери да мындай кадамдын натыйжалуу болорунан шек санап турушат. Санкциялар боюнча сунуштардын беш жылдан бери "такалып" турушу да бекеринен эместир.

Бирок АКШнын мыйзамчылары Американын финансы секторуна зыян келтирип, Евробиримдиктин АКШнын ашкере камкордугунан "бошонуу" процессин ылдамдатууну кааласа, албетте, өз эрки. Ага Россиянын башы оорубайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0