"Эки жүздүү саясат". Эксперт АКШнын сынаган ракеталары тууралуу

© AP Photo / Virginia MayoМинистр обороны США Марк Эспер
Министр обороны США Марк Эспер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пентагон буга чейин РСМД келишими боюнча тыюу салынган ракеталарды сынады. Саясат таануучу Андрей Кошкин мындай ракеталарды иштеп чыгуу келишим күчүндө турган маалда гана мүмкүн экенин айтат.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. АКШ орто аралыктагы өзөктүк эмес баллистикалык ракетасын сынады. Мындай ракеталарга РСМД келишими боюнча тыюу салынган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

"Коргоо министрлиги жерде жайгашкан өзөктүк эмес конфигурациядагы баллистикалык ракетаны Тынч океан убактысы боюнча 12-декабрда саат 8:30дар чамасында Калифорниянын "Ванденберг" аскер аба күчтөрүнүн базасында сынады. Азыр биз жыйынтыктарды баалап жатабыз", — деди "Ванденберг" авиабазасынын өкүлү.

РФ Арктикага абадан болчу чабуулдан коргоочу купол жайгаштырат. Видео - Sputnik Кыргызстан
РФ Арктикага абадан болчу чабуулдан коргоочу купол жайгаштырат. Видео
Кийин Пентагондун башчысы Марк Эспер сыноо ийгиликтүү өткөнүн айтты.

Коргоо ведомствосу быйыл августта өзөктүк эмес канаттуу ракетаны сынаган (РСМД келишими боюнча тыюу салынган). Ракета 500 чакырымдан ашык учуп келип, бутаны ийгиликтүү жок кылганы маалым.

Мындай аракеттер АКШнын эки жүздүү саясатын көрсөтүп жатканын аскерий саясат таануучу, Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин политология жана социология кафедрасынын башчысы Андрей Кошкин белгиледи.

"Бүгүнкү күнү АКШ орто жана кыска аралыктагы ракеталарды тезинен жасоого аракет кылууда. Бирок алар бул долбоорду ДРСМД келишими иштеп жаткан учурда жасап жатканы оюна да келбейт. Америка Кошмо Штаттарынын эки жүздүү саясаты мына ушундай, алар эл аралык аренада кол коюлган келишимдердин шарттарын такыр аткарышпайт. Жакын арада АКШ орто аралыктагы ракеталарын Европа континентине жайгаштыра башташы ыктымал. Бул өз кезегинде европалыктардын арасында нааразычылыкты жаратат. Өз кезегинде Россия коркунучтарды жокко чыгаруу үчүн аларга жооп иретинде олуттуу кадамдарга барышы мүмкүн", — деди Кошкин.

Талибан* стремится заключить мир с США, заявил Трамп — видео - Sputnik Кыргызстан
Трамп "Талибан" АКШ менен кепке келүүгө умтулганын айтты. Видео
Орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимдин мөөнөтү 2-августта АКШнын демилгеси менен токтотулган. Жыл башында АКШ аталган келишимден бир тараптуу чыгуу ниети бар экенин билдирип, Россия тарап аны көптөн бери бузуп келе жатканын айтып, айыптаган. Июль айынын башында Владимир Путин аталган келишимден Россия чыга турганын маалымдаган. Россия буга чейин ДРСМД келишиминин шарттарын толугу менен аткарып жатканын бир нече ирет билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0