Эмне себептен кымбат кийингендерге ишеним көбүрөөк? Жаңы иликтөө

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүНочная экскурсия в Московском метрополитене
Ночная экскурсия в Московском метрополитене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын пикирине караганда, бул нерсени психологиялык жактан түшүндүрүү оңой эле. Адам адис канчалык ишин жакшы билсе, ошончолук көп акча табат деп эсептейт.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Киши канчалык жакшы жана кымбат кийинсе, башкалардын көзүнө ошончолук ийгиликтүү, бардар жашоодо жашагандай көрүнөт. Бул тууралуу АКШлык окумуштуулар иликтөө жүргүзгөнүн Nature Human Behaviour илимий журналы жазды.

Кафе - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кээде ууртап-татып туруу керек деген пикирди жокко чыгарышты
Муну билүү үчүн илимпоздор эки этаптан турган эксперимент жүргүзүшкөн. Биринчисинде ар бир адамга тогуз кишинин сүрөтү көрсөтүлгөн. Кызыгы, сүрөттү көздү ачып-жумгуча убакытта карап, тагыраагы, анын жүзүн көрүүгө жетишпесе дагы жакшы кийингендерге "бул өз ишинин мыктысы" деген баа беришкен. Экспериментке 271 адам катышкан.

Экинчи бөлүгүндө катышуучуларга адамдын кийимине эмес, жүзүнө карап баа бергиле деп ар кайсы расадагы адамдардын сүрөтү көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында катышуучулардын көпчүлүгү кайра эле кымбат баалуу кийимчендерди чыныгы кесипкөй деп эсептерин айтышкан.

Жалпы жыйынтык боюнча сурамжылоого катышкандардын 61 пайызы адамга кийим-кечекке карап ишеним арта турганы белгилүү болду.

Окумуштуулардын пикирине караганда, бул нерсени психологиялык жактан түшүндүрүү оңой эле. Адам адис канчалык ишин жакшы билсе, ошончолук көп акча табат деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0