Индия: эл таап алган эки баштуу жыланды адистерге бербей койду. Сүрөт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүВыставке рептилий из коллекций калининградских террариумистов
Выставке рептилий из коллекций калининградских террариумистов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зоологдор жыландын мындай болуп жаралып калышына эмбриондун эки бөлүнүп кеткендиги же айлана-чөйрөнүн таасиринен улам болушу мүмкүн деген версияны айтышкан.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Индиянын Батыш Бенгалия штатындагы Экаруки кыштагында табылган эки баштуу жыланды жергиликтүү эл адистерге бербей койгон. Бул тууралуу Daily Star жазды.

Монокль кобрасынын сүрөтү ANI деп аталган аккаунттун Twitter баракчасына жарыяланган.

Аталган штаттын Токой чарбасы боюнча департаментинин герпетологу Каустав Чакраборти кызматкерлери аталган аймактан жыланды алып кете албай коюшкандыгын билдирген. Себеби ырым-жырымдарга ишенген эл адистерге өзгөчө көрүнүштөгү жаныбарды берүүдөн баш тарткан.

Работа животноводческого комплекса в Калининградской области - Sputnik Кыргызстан
Польшада эки баштуу музоо туулду. Сүрөт
Чакрабортинин айтымында, сейрек мутация менен жыландын жапайы жаратылышта жашап кетери кыйын. Окумуштуулардын көз алдында турган жаныбар көпкө жашамак деген оюн кошумчалаган.

Жергиликтүү зоологдор жыландын мындай болуп жаралып калышына эмбриондун эки бөлүнүп кеткендиги же айлана-чөйрөнүн таасиринен улам болушу мүмкүн деген версияны айтышкан.

Монокль кобрасы Индиянын батышында, Кытайда, Вьетнамда, Камбоджада, Бангладеште, Бутанда, Мьянмада, Лаосто, Непалда, Таиландда кездешет. Анын бир ирет чаккандагы уусу 20 адамды же бир пилди өлтүрө алат деп айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0