9 жаштагы нидерланддык вундеркинд университеттеги окуусун таштап салды

© Sputnik / Антон Уницын / Медиабанкка өтүүОкуучу. Архив
Окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу жайдын жетекчилигинин айтымында, таланттуу баланын ата-энеси "уулубуз 26-декабрга чейин дипломдуу болушу керек" деп аткарууга мүмкүн эмес талаптарды коюп жатат.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Тогуз жаштагы нидерланддык вундеркинд Лоран Симонс Эйндховендеги техникалык университеттеги окуусун таштап салды. Бул туурасында BBC жазды.

Буга чейин бир жыл мурда аталган окууга өткөн баланын бир нече айдан кийин диплом алары тууралуу айтылган.

Маалыматка караганда, баланын окууну аякташына ата-энеси тоскоолдук болууда.

"Алар балабыз 26-декабрга чейин, тагыраагы, 10 жашка толгуча дипломдуу болушу керек деп талап коюп жатат. Анткени алар уулунун бул университеттин 9 жашында диплом алган алгачкы бүтүрүүчүсү болуп калышын каалашууда", — деп түшүндүрүштү окуу жайдын жетекчилигинен.

Бирок окуу жай бир нече жылга созулган программаны бала декабрдын аягына чейин өздөштүрүп жетишпесин, жок дегенде дагы 5-6 айдай убакыт керектигин айткан. Мындан улам ата-эне бала окуусун улантпай турганын билдирген.

Окутуучулардын пикиринде, программаны мынчалык шашылыш түрдө аяктоо баланын материалдарды толук түшүнүп кабыл алуусуна тоскоол болуп, келечегине терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал.

Кыргызстандык калькулятор бала Россиядагы шоуда элдин оозун ачырды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык "калькулятор бала" Россиядагы шоуда элдин оозун ачырды. Видео
Белгилей кетсек, Лоран Симонс орто жана жогорку класстардын мектеп программасын 1,5 жыл мурда өздөштүргөндүгү айтылат. Ал учурда бала сегиз жашта эле, экзамендеринин баарын тапшыргандан кийин орто билимге ээ деген аттестат алган.

Каникулдан соң окуусун университетте улантып, программаны курсташтарына караганда тез өздөштүрүп алган.

Тестиердин IQсү 145ке тең экени жана көрүп, эске сактап калуусу мыкты экендиги айтылат. Лоран өзү сүйүктүү предмети математика экенин, себеби анда геометрия, алгебра бар экендигин билдирген.

Бала келечекте кардиохирург кесибин аркалагысы келет экен. Мектепте окуп жүргөндө эле ал Амстердам университетиндеги медицина факультетине өтүп алган.

Лоран Симон адамдын өмүрүн узартуучу каражат тапкысы келерин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0