Дипломатияга ыктап баарлашуу же Лавров АКШга эмнеге барды

© Фото / ТАСС/POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 10-декабрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун чакыруусу менен Вашингтонго барды. Сапардын жыйынтыгы тууралуу РФтин Финансы университетинин саясат таануу департаментинин доценти Геворг Мирзаян кеп салып берди.

Сергей Лавров мамлекеттик катчы менен эле эмес, АКШ президенти Дональд Трамп менен да жолукту. Министр менен өлкө башчынын олуттуу темалардан тарта эки мамлекеттин кызматташуусунун келечегине чейин талкуулай турган сөзү бар эле.

Өзүмө айтчы

Бир караганда жолугушуунун тартиби эреже-шартка туура келбегендей болду. Анткени Лавров — Россиянын тышкы иштер министри. Рангы боюнча АКШ президенти эмес, өзүнүн кесиптеши менен сүйлөшүшү керек эле. Бирок мындай протоколдук эреже америкалыктар эле эмес, россиялыктар тарабынан да бузулуп жүрөт. Буга Владимир Путин менен Майк Помпеонун жолугушуусу далил. Президент тышкы иштер министри менен ортодо чындап эле талкуулай турган маселе болсо, же жолугушууга экинчи өлкө башчы кандайдыр бир себептерден улам келе албай калганда жолугат. Лавров айткандай, баарлашуунун пайдасы көп, жүз көрүшүп туруу таптакыр сүйлөшпөй калгандан кыйла артык. Бул АКШ менен Россиянын ушу таптагы мамилесинин фонунда ого бетер актуалдуу. Албетте, мындай пикир менен макул болбогондор да бар. Өкүлдөр палатасынын чалгын иштери боюнча комитетинин төрагасы Адам Шифф (Трамптын импичментинин "мотору") жолугушуунун өзүн катуу сынга алып, Twitter баракчасы аркылуу нааразычылыгын билдирди. "Душмандарыбызды чакырып, союздаштарыбызды киргизбей... Бүгүн алар Россия пропагандасынын ийгилигин белгилеп коюшса болот", — деди Шифф. АКШнын ЖМКлары да кубанып кеткен жок. Жолугушууну өзү болбосо да, анын жабык эшик артында өткөнү нааразы кылды.

Рабочий визит президента РФ В. Путина во Францию  - Sputnik Кыргызстан
"Норманд саммити" соңуна чыкты. Зеленскийдин кийинки кадамы кандай болот
Эми сүйлөшүүнүн өзүнө келсек. Трамптын айтымында, "Россиянын тышкы иштер министри жана башка өкүлдөрү менен өткөн жакшы жолугушууда" тараптар көптөгөн маселелерди талкуулап жетишкен. Алардын ичинде эки тараптуу соода алакасы, Иран, Түндүк Корея, РСДМ боюнча келишим, атомдук куралга көзөмөл жана АКШ шайлоосуна кийлигишүү жаатындагы көйгөйлөр көтөрүлгөн. Шайлоого кийлигишүү боюнча маселеге анча деле көңүл бурулбаса керек, бирок Трамп аны айтпай кое алмак эмес. Болбосо Конгресс менен демократиялык пресса президентти тирүүлөй жеп коймок. Экинчи жагынан Трамп атайын козгогусу келбеген тема да бар. Бул деле ошол демократтардын жемине айланбайын деген амал. Мында кеп Украина тууралуу болууда. Конгресстин айтымында, Трамп Украинаны өзүнүн тышкы да, ички да саясаттагы кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келет.

Бир катар эксперттер АКШ президенти Киевге реалдуу жардам берүүдөн баш тарткан кадамын башка маселелерди (Иран, Түндүк Корея, Сирия жана Кытай) чечүү үчүн Москвага "сатып жиберүүгө" даяр. Андыктан Трамп Сергей Лавровдон "норманд" саммитинин жыйынтыгы тууралуу угуу абдан кызык болсо керек эле. Албетте, президент үчүн коммюникенин тексти эч мааниге деле ээ эмес. Трамп узакка созулган сүйлөшүүдөн кийин Россия бийлиги Украина президенти Владимир Зеленскийди кандай кабыл алып калды, жөндөмүнө кандай баа берди деген суроолоруна жооп алууга кызыкдар болду. Бул жоопту Помпеодон эмес, Лавровдун өз оозунан угуу өтө маанилүү эле.

Жерге жакыныраак

Бул жолугушууга эки өлкөнүн ЖМКлары менен эксперттеринин ар бири өз-өзүнчө баа беришти. Албетте, америкалыктар баягы эле шайлоого кийлигишти деген бүтүмгө таянып жазып жатып калышты. Лавровдун жабык каналдар боюнча жазышууну ачыкка чыгаралы деген сунушу да көп талкууга жем болду. АКШ журналисттеринин баамында, дал ушул тема жөнөкөй окурман үчүн өтө кызык.

Трамп РФ дипломаттарына виза берилбей калган маселени чечмей болду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Трамп РФ дипломаттарына виза берилбей калган маселени чечмей болду. Видео
Ал эми Лавровдун маалымат жыйындагы тексти менен россиялык журналисттердин жазганына баам салсак, Москва негизги басымды куралданууга көзөмөл жасоо маселесин талкуулоого жасагандай. Бул биринчи кезекте Стратегиялык кол салуучу курал-жаракты (СНВ-3) кыскартуу боюнча келишимдин мөөнөтүн узартуу. Россия Америкага ушул жылдын аягына чейин аталган келишимди узартуунун ар кыл вариантын сунуштап жатат. Ал эми документтин өзүнүн мөөнөтү 2021-жылы аяктай турганы маалым.

СНВ темасы Россиянын АКШ шайлоосуна кийлигишүүсүнө караганда алда канча олуттуу маселе. Бирок ал дагы жолугушуунун башкы темасы болбошу керек. Эч качан учпай турган ракеталардын санын кыскартуу маселеси да орчундуу, бирок бул дагы Москва менен Вашингтонду жакындаштырып ийбейт. Эки өлкөнүн мамилесин жолго коюп, ортодо ишеним жаратуу, Россия менен кызматташуунун пайдасын таанып-көрүү үчүн жерге жакыныраак маселелер боюнча макулдашуу жана өз ара түшүнүшүү зарыл. Ошол эле Сирия, Украина, Түндүк Корея, керек болсо Иран жана Кытай боюнча. Башкача айтканда, Россия менен АКШнын жалпы кызыкчылыгы бар эл аралык мамиле жаатындагы макулдашуулар керек.

Прагматик катары Трамп деле мындай талкууга даяр сыяктуу. Анын да өз каалоо-сунуштары бар. Мисалы, Түндүк Кореяны денуклеаризациялоого жардамдашуу, Россия-Кытай кызматташуусун кыскартуу, Ирандын Сирия менен Жакынкы Чыгыштагы таасирин азайтуу, Украина боюнча утурумдук болсо да макулдашууга келүү. Албетте, Москва мунун баарын талкуулоого даяр эмес, айрымдарынын шарт-талабы таптакыр туура келбесе, экинчи жагынан Трампка кээ бир маселелерди Когресстен "түртүп ие алат" деген ишеним жок. Бирок аракетке берекет деген сөз бар. Ал эми ошол берекетке жетүү үчүн урушуп-талашып, соттошпой, жүз көрүшүп, баарлашып туруу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0