Россиялык спортту эскинин эпкини ээрчип жүрөбү? Саресеп

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүОлимпийские кольца в Калининграде
Олимпийские кольца в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүтүндөй россиялык спорт өтө катаал жаза алды. Олимпиадаларга жана дүйнөлүк чемпионаттарга катышууга, Россиянын аймагында ири мелдештерге, ал эми россиялык аткаминерлерге эл аралык федерациялардын жетекчилик органдарына кирүүгө тыюу салынды.

Лозаннадагы WADA Аткаруу комитети чечимди бир добуштан кабыл алды. Анын оош-кыйышы тууралуу спорттук баяндамачы Алексей Авдохин кеп салып берди.

Ушундай болору айкын эле. Эки апта мурун WADA тийиштүү комитети Россияга карата эң катаал санкцияларды Аткаруу комитетине сунуштаганда эле чечим оң чыкпасы белгилүү болуп калган. Себеби абдан олуттуу, катуу айыптоолор тагылган, ишенбөөчүлүк өтө күч болчу.

Түшүнүү үчүн баарын ирети менен карайлы: бул ирет Россия допингден улам жабыр тартып турган жери жок. 2014-жылдагы Сочидеги оюндарда үлгүлөрдү көздөн жазгыруу боюнча күңүрт окуя артта калгандай болду эле. Эми россиялык спортту ошонун эпкини уруп тургандай.

Путин: WADA чечими Олимпиада хартиясына каршы келет. Видео - Sputnik Кыргызстан
Путин: WADA чечими Олимпиада хартиясына каршы келет. Видео
Пхенчхандагы 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Россиянын курама командасы бейтарап макамда, туусу, гимни же улуттук символикасы жок катышканы, Эл аралык олимпиада комитетинин атайын комиссиясы тарабынан россиялык спортчулардын тыкыр жана кемсинте тандалышы, Россиянын дүйнөлүк жылдыздарынын (Антон Шипулин, Сергей Устюгов, Виктор Ан, Павел Кулижников) катышпай калышы, спортчулардын формасындагы OAR (Olympic Athletes from Russia) деген кызык аббревиатура эсиңиздедир.

2010-жылдын биринчи жарымында WADA шек санагандай, россиялык спортто орун алган допинг системасы үчүн жаза болгон экен. Андан бери Россия спорттун мурдагы макамын калыптандыруу үчүн көп күч жана ресурс жумшады: аткаминерлерди иштен алды, РУСАДА жетекчилигин толугу менен алмаштырды, WADA жол картасынын 30 талабын аткарды.

Алардын арасынан жыйынтыктоочу жана аныктоочу эки пункт калган:

– Москва антидопинг лабораториясынын электрондук базасынан 2012-2015-жылдар аралыгындагы маалыматтарды баштапкы жана өзгөртүлбөгөн түрдө көрсөтүүсү;

– Маалыматтар базасын текшерүүдөн кийин Москвада допинг үлгүлөрүн көрсөтүү.

Дал ушул баскычта иш теңирден тескери чыкты, анын азабын жакынкы жылдары спортчулар жана күйөрмандар тартканы турат.

Электрондук базанын көчүрмөлөрүн WADA эксперттери Россиядан быйыл январда эле алганы анык, бирок кийинчерээк 2018-жылдын аягы жана 2019-жылдын башы менен белгиленген көптөгөн өзгөртүүлөрдү табышкан. Ошол убакта катуу дисктер РФтин Тергөө комитетинин көзөмөлүндө болчу, алар допинг иши боюнча жеке ишин алигүнчө иликтеп келет.

Маалыматтарды ким жана качан өзгөрткөнү дале табышмак. WADA россиялык аткаминерлер алдыңкы саптагы спортчулардын үлгүлөрүнүн изин шашылыш жашырышкан деген оюнан кайтпайт. Россия келтирген жүйө бөлөк: бул базаны түзгөн Григорий Родченковдун командасындагы кишилер чет өлкөдөн кире алышчу.

Убалга калган төрт жыл. WADA чечиминин өзөгүндө эмне бар? Видео - Sputnik Кыргызстан
Убалга калган төрт жыл. WADA чечиминин өзөгүндө эмне бар? Видео
Базадагы өзгөртүүлөр кайдан пайда болгону тууралуу россиялык эксперттердин 85 беттен турган техникалык түшүндүрмөсү да WADA өкүлдөрүн ынандыра албады. Иш жүзүндө Россия тараптан соңку талаптардын эң башкысы — электрондук база өзгөрүлбөсүн деген талап аткарылган жок. Сырттан караганда ыңгайсыз абал, албетте. Себеби Россиянын эл аралык спорт тутумуна толук кандуу кайтышына дээрлик жарым карыш калган болчу...

Шайы оогон, акыркы метрлер калганда аралыкты кесүүнү чечкен марафончуну элестетиңиздер. Бүтпөчүдөй туюлган узун аралык артта, ал эми мара көз алдында турганда андайга барыштын кажети не?

Россия ушул тапта дал ошондой алаңгазар марафончуга окшоп турат. Спорттук дүйнөнүн ишенимин кайтарууга аракет кылды, РУСАДА аброюн калыптандырууга тырышып, жөндөмдүү жана таза спортчулардын муунун өстүргөн мамлекет болбогон жерден, техникалык милдетти аткарууда, электрондук системаны коопсуздугун сактоодо буттан чалынды. Бирок себептер да, актануулардын да эми кажети жок, дал ушул убакта россиялык спорттун кадыры түштү.

Спортчулардын ызасы түшүнүктүү. Азыркы санкциялар биринчи кезекте эл аралык уюмдагы жетекчилерди эмес, спортчуларды азапка салат. Анын кесепети күндөн-күнгө күч алмакчы, бирок муну эми акча менен да, дипломатиялык байланыш менен да, кескин талаптар менен да оңдой албайбыз.

Россиялык спортчуларды жакынкы жылдары эмне күтөт? Алар чуу менен спорттон четтетилет. Маалымат базасындагы Россия тарабынан өзгөртүүлөрдү иликтөө — эми WADA үчүн принциптин иши. Мурунку болобу же азыркыбы, алар андагы ар бир фамилияга асылышат.

Көпчүлүгү титулу, даңазалуу ысымдарына карабастан дүйнөлүк чемпионат, Олимпиада өңдүү башкы мелдештерге катышуудан куру калышат. Жеке иргөө (фильтр) — эки жыл мурда алдыңкы саптагы жылдыздарды да аябаган катаал, болжоп болгус нерсе.

Айрымдары жарандыгын алмаштыруу же карьерасына чекит коюуну да ойлоно баштагандыр, атлетчилер карьерасынын чокусунда алтын капаска камалуу үчүн бүтүндөй балалыгын, саламаттыгын коротушкан эместир.

WADA тарабынан коюлган бардык талаптарды аткарган спортчулар (ал эми алар оголе арбын – Макларендин докладында фамилиялардын жоктугу, Москва базасынан маалыматтары өчүрүлгөндөрдүн арасында, допинг-тесттердин керектүү көлөмү, толгон-токой майда шарттар) да эми өзүнө, жыйынтыктарына ишенбей мелдешет.

Бирок төрт жыл ичине бардык карьерасы батчудай спорттун кыска өмүрлүү түрлөрү да жок эмес, маселен, муз үстүндөгү бий, спорттук, көркөм гимнастика. Физиологиялык жактан бул кыйын кезеңди күтө туруу мүмкүн эмес.

Спорттун жеке түрлөрүнүн келечеги көрүнсө да, россиялык курама командаларды бир топ солгундоолор күтөт. Бейтарап курама топ кандай чыгат? Турнирлерге бүт команданы жана ар бир оюнчуну катыштыруу жагы кандай болот?

Олимпиада шакекчелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Акырына чейин чыгабыз!". WADA чечиминен кийинки ыза
Албетте, Спорттук арбитраждык сотко (CAS) апелляциялык арызга кымындай болсо да үмүт бар. Азыркы улуттук олимпиадалык комитеттин атынан бара турган спортчулардын бейтарап макамы Олимпиада хартиясында бир юридикалык амалы да бар. Бирок россиялык спорт юристтеринин эл аралык инстанциядагы иши да өзүнчө бир баян.

Россиялык спорт мындай кыйчалыш кырдаалга мурун эч качан кабылбаса керек. Бул — WADA агенттигинин таза атлетчилерди коргоо убадасына карабастан, чындап эле олуттуу көйгөй.

Спортчуларды жазалоо жамааттык мүнөздө болбоого тийиш. Россиянын президенти белгилегендей, бул мындай чечимдердин саясий өңүтүнөн кабар берет. Жүздөгөн чынчыл, бейкүнөө спортчулар төрт жыл ичинде өлкөсү, улуттук белгилери, коргоосу жоктордун тобуна айланат. Бул убакыт аралыгында алар башкы мелдештерге жарым-жартылай катышуучудай, арсар абалда болушат, ал эми бул — психологиялык кысым.

Бирок кептин баары башкада. Россиядагы чоң спорт — бириктирип турган демилгелердин бири. Өлкөнүн жалпы сыймыгынын катализатору. Кантип күчтүү жана керектүү болуунун ачык мисалы. Бирок россиялык спорттук аткаминерлер спортчуларга жардам бере алышпады, өлкөнү чоң спортсуз калтырышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0