Россия шаарларында жашаган үй-бүлөлөрдүн 13 пайызын аялдар багат

© AFP / MANDEL NGANОфисный работник в Вашингтоне
Офисный работник в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө жүргүзгөн ишкана ири шаарлардын 26 жаштан ашкан, никедеги тургундары арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Россиянын ири шаарларында жашаган үй-бүлөлөрдүн 13 пайызынын бюджети аял киши тапкан акчадан турат. Мындай иликтөөнү "Райффайзенбанк" жасаганын РИА Новости жазды.

Банк ири шаарлардын 26 жаштан ашкан, никеде турган жашоочулары арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

"Миллиондук шаарлардагы үй-бүлөлөрдүн 40 пайызы көбүнесе эркектин тапканы менен жан багарын айткан. Ал эми аялы менен күйөөсү теңме-тең айлык алган үй-бүлөлөр коомдун 31 пайызын түзөт. 17 пайызы толугу менен эркектин колун карап отурат. Ал эми 13 пайыз үй-бүлөнү аялдар багат", — деп айтылат макалада.

Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Азимов: милициянын айлыгы да мугалимдердикиндей система менен көбөйөт
Ошондой эле банк кызматкерлери каражатты бөлүштүрүү маселесин ким көзөмөлдөрүн иликтеген. Анын жыйынтыгына караганда, каражатты таап келген адам толугу менен түгөйүнө өткөрүп берет окшойт. Анткени бюджети аял кишинин айлыгынан турган үй-бүлөлөрдүн 83 пайызында каражатты күйөөсү кармайт. Ал эми үй-бүлөсүн өзү баккан эркектердин арасынан 14 гана пайызы акчага ээлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0