Жаңы жылда миллиондогон адамдын WhatsApp тиркемеси өчөт

© REUTERS / Dado RuvicМессенджер WhatsApp
Мессенджер WhatsApp  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки жылдын башында мессенджер алгач Windows Phone системасында иштебей калат. Түзүүчүлөрдүн айтымында, мындай иш мессенджердин ишин жакшыртуу үчүн жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. 2020-жылы дүйнө жүзүндө миллиондогон катталуучунун белгилүү делген WhatsApp тиркемеси өчөт. Бул туурасында Daily Mail басылмасы жазды.

"Кийинки жылдын башында мессенджер Windows Phone системасында иштебей калат. Февралдан тарта Android (2.3.7 версиясынан ылдый) менен iOS 8 операциялык системасынан ылдый iPhone үлгүсүндөгү смартфондору барлар тиркемени колдоно албай калат", — деп айтылат маалыматта.

Мобильное приложение Whatsapp - Sputnik Кыргызстан
Пландарыңызды эскертип туруу керекпи? WhatsApp жаңы кызмат кошту
Билдирмеде мессенджерди жакшыртуу иши жүрүп жаткандыктан эски платформаны колдоо мүмкүн эместиги белгиленет. Тиркеме Android 4.0.3 жана андан жогору, iOS 9 жана жогору, KaiOS 2.5.1 жана жогору, ошондой эле JioPhone жана JioPhone 2 үлгүсүндөгү уюлдук телефондордо иштей берет.

Иштеп чыгуучулар белгилегендей, акыркы убакта Facebook, Instagram социалдык тармактары менен WhatsApp мессенджеринин иштеши үзгүлтүккө көп учурап, колдонуучулар сүрөт жана видеолорду кетирип же ала албай калып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0