Twitter 2019-жылы эң көп талкууланган маалыматтарды атады

© REUTERS / Kacper Pempel / Illustration / File PhotoМикроблог Twitter
Микроблог Twitter - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Twitter анын колдонуучулары кайсы жаңылыкты көп окуганынан баштап, кайсы саясатчы, ырчы, актёрлор, сериалдарды көп талкуулашарын аныктаган.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Twitter социалдык тармагы өзүнүн блогунда узап бараткан жылы кайсы темалар көбүрөөк талкууланганын тизмектеди.

Мобильное приложение Whatsapp - Sputnik Кыргызстан
Пландарыңызды эскертип туруу керекпи? WhatsApp жаңы кызмат кошту
Эң көп талкууланган маалымат 15-апрелде Париждин Нотр-Дам чиркөөсүндө чыккан өрт тууралуу болгон. Тилсиз жоонун кесепетинен тарыхый имараттын чатыры толугу менен урап түшкөн. Экинчи орунда "Рэйва доорунун башталышы" хештеги менен тараган маалыматтар турат. Ал Япониянын императору Хэйсэй кызматтан кетип, ордуна башка жетекчи келгендигине байланыштуу болгон. Жылдын башында болгон Венесуэладагы массалык каршылык акциялары да кызуу талкууланган. Анда Хуан Гуаидо өзүн мыйзамсыз түрдө өлкөнүн убактылуу башчысы деп атаган.

Эң көп талкууланган он жаңылыктын ичине Brexit (Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгышы) процесси, Япониядагы эң күчтүү делген Хагибис тайфуну, Амазониядагы өрттөр, Гонконгдогу нааразычылыктар, климаттык протесттер, Жаңы Зеландиядагы теракт жана АКШдагы демократтардын шайлоого чейинки дебаттары кирген.

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп: Google, Twitter, Facebook өз колдонуучуларын алдап жатат
Оголе көп сөз болгон адамдар деп АКШнын президенти Дональд Трамп, мурдагы мамлекет башчы Барак Обама жана Индиянын премьер-министр Нарендра Моди табылган. Андан кийинки орундарда америкалык саясатчы Александрия Окасио-Кортес, Бразилиянын президенти Жаир Болсонар, АКШ президентине талапкерлер Берни Сандерс менен Жо Байден, мурдагы талапкер Хиллари Клинтон жана Франциянын лидери Эммануэль Макрон турат. Тизмени Россиянын башчысы Владимир Путин жыйынтыктайт.

Ал эми 2019-жылы көп талкууланган сериал катары "Игра престолов" эсептелген. Кийинки орундарда америкалык сериалдар "Очень странные дела" (Stranger Things), "Симпсоны" жана "Мстители: Финал" турганын көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулар актерлордон америкалык Том Холланд, Крис Эванс жана Зендаяны, ал эми ырчылардан түштүк кореялык BTS тобун, америкалык ырчы Ариана Гранде менен рэпер Дрейкти сөз кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0