Эксперт: Арктикадагы аскер комплекси эки себептен улам маанилүү

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүАрктический архипелаг Земля Франца-Иосифа
Арктический архипелаг Земля Франца-Иосифа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Арктикага абадан болгон чабуулга каршы коргонуучу куполдорду орнотот. Ал эмне үчүн маанилүү экенин аскерий эксперт Алексей Подберезкин айтып берди.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Арктиканын Россияга караштуу бөлүгүнө аба куполу түзүлөт. Ал үчүн жакын арада Түндүк флоттогу бардык арктикалык дивизиону С-400 зенит ракеталык системасы менен камсыздалмакчы. Бул тууралуу Түндүк флоттун командачысы, вице-адмирал Александр Моисеев билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

"Зениттик ракеталык жана радиотехникалык күчтөрдү жаңы техника менен камсыздоо жүрүп жатат. Быйыл Жаңы Жерде жайгашкан зенит ракеталык полкуна С-400 зенит ракеталары келип түшүп, колдонууга алынды. Жакынкы жылдары биздин Арктикадагы бардык дивизия дал ушундай комплекс менен камсыз болот", — деди ал.

Визит президента Турции Реджепа Тайипа Эрдогана США - Sputnik Кыргызстан
Татаал маселе. Аскерий эксперт Эрдогандын С-400 боюнча айтканы тууралуу
Анын айтымында, дал ушундай аракеттердин жыйынтыгында Түндүк уюл каршылаштардын абадан боло турчу бардык кол салуулардан корголот.

Москва мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер институтунун тарых илимдеринин доктору Алексей Подберезкин мындай кадамдар эмне үчүн маанилүү экенине токтолду.

Анын айтымында, абадан болгон чабуулга каршы коргонуу системаларын куруунун көп жылдык планы боюнча түрдүү класстагы ракеталарды таап жок кылуу үчүн бир беткей зона түзүлмөкчү.

"Түндүк чек арага басым жасалып жаткан түшүнүктүү. Биринчиден, аймактын жери кыска болгондуктан сокку жасоо үчүн кооптуу. Экинчиден, "Арктика үчүн күрөш" башталып, ага Арктикага тиешеси жок мамлекеттер да катышып жатат. Баары тең өз аймагын "белгилеп" коюуга ынтызар", — деди Подберезкин.

Эксперт Россиянын жоопкерчилигиндеги аймак жакшы корголгон болушу керектигин кошумчалады.

Быйыл сентябрда Жаңы Жер полку биринчи жолу С-400 комплекстери менен камсыздалганы айтылган. Буга чейин аталган полк С-300 ракеталары менен жабдылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0