Пландарыңызды эскертип туруу керекпи? WhatsApp жаңы кызмат кошту

© REUTERS / Dado RuvicМобильное приложение Whatsapp
Мобильное приложение Whatsapp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы кирген опция WhatsApp Reminders ("WhatsApp эскертме") деп аталат. Аны бардык мессенджерлерде акы төлөп кошуп алууга болот.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. WhatsApp тиркемесин иштеп чыккандар Any.do сервиси менен биргеликте мессенджерге жаңы кызматты киргизишти. Анын жардамы менен тапшырмаларды түзүүгө жана маалы менен алар тууралуу эскертмени алып турууга болот. Бул туурасында whatsapp.any.do сайтында айтылат.

WhatsApp мессенджери. Архив - Sputnik Кыргызстан
WhatsApp жаңылыгы: билдирүүлөр өзү эле өчүп калуучу функция киргизилүүдө
Жаңы опция WhatsApp Reminders ("WhatsApp эскертме") деп аталат. Аны бардык мессенджерлерде акы төлөп кошуп алууга болот.

Тапшырманы түзүп, анын эскертмесин алып туруу үчүн Any.do ботуна тиешелүү кат жиберүү керек. Мындан тышкары, тапшырманы автоматтык түрдө түзүү үчүн башкалардан келген билдирүүнү кайра жиберип койсо болот.

Мындай жаңылык колдонуучулардын ишин иреттеп, көп нерсеге жетишүү үчүн киргизилип жаткандыгы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0