04:41 26 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
30501

Монетанын ээси анын сыры ката менен чыгарылгандыгында экендигин айтты. Жарнаманы көрүп калган жалпыга маалымдоо каражаттары буга кызыга баштаган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Санкт-Петербургдун жашоочусу эки рубль темир акчаны — тыйынды бир миллиард рублге сатып жатат. Мындай жарнама "Авито" сайтына илинген.

Ал киши мынча акчага сатып жаткандыгынын сыры анын катасында экендигин айткан.

"Бул сейрек кездешкен ката. Алдыңкы бети менен арткы бети бирдей болбой, 90 градуска жылып кеткен (анын сейректиги 90 пайызга жылгандыгында)", — деп жазган монета ээси.

Ал темир тыйынды айырбаштоого даяр экендигин айтып, бирок эмнеге алмашарын тактаган эмес.

Азырынча монета жалпыга маалымдоо каражаттарын гана кызыктырган. РЕН ТВге берген маегинде ал киши монетаны дүкөндөн соода кылганда кайрып беришкендигин айтты.

Тема боюнча

10 тыйындык кагаз акча 54 миң эсеге кымбат сатылууда. Себеби
Белгилер:
ката, монета, Санкт-Петербург

ЭҢ МААНИЛҮҮ