Индияда фабрика өрттөнүп, 40тан ашык киши каза болду

© REUTERS / ANIПожар в фабрике в Нью-Дели
Пожар в фабрике в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тилсиз жоо толугу менен өчүрүлүп бүттү, бирок куткаруу иштери уланууда. Өрттүн чыгышына эмне себеп болгону иликтенип жатат.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Индиянын борбору Нью-Делиде фабрика күйүп, анын кесепетинен 43 киши каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ANI агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Анаж Манди көчөсүндө жайгашкан төрт кабаттуу фабрикада өрт чыгып, 43 киши каза болгон. Дагы ондогон адамдар ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди", — деп айтылган маалыматта.

Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп бүттү, бирок куткаруу иштери уланууда.

Өрттүн чыгышына эмне себеп болгону иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0