Котормо системасы өчүп калганын байкаган Путин немец тилине өтүп сүйлөдү. Видео

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел встречу с представителями деловых кругов Германии
Президент РФ В. Путин провел встречу с представителями деловых кругов Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-экономикалык багыттагы Россия-Германия мамилесин талкуулап жаткан маалда немец ишкеринин синхрондук котормо кулакчыны иштебей калган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин германиялык ишкерлер менен жолугушуу учурунда орус тилинен немец тилине өтүп кетти.

Россия лидеринин сүйлөп жаткан учурун журналист Дмитрий Смирнов жарыялаган.

​Жолугушуу Бочаров Ручей резиденциясында өткөн. Соода-экономикалык багыттагы Россия-Германия мамилесин талкуулап жаткан маалда немец ишкеринин синхрондук котормо кулакчыны иштебей калган.

Летчики Путина сажали самолет в Бишкеке в густом тумане — видео - Sputnik Кыргызстан
Пилоттор Путиндин учагын Бишкекке коюу туманда кантип кондурганын айтышты. Видео
Муну байкаган президент немец тилине өтүп, тамашалаган сыяктуу болду. Анткени тасмадан залдагылардын күлгөнүн угууга болот.

РИА Новости маалымдагандай, россиялык лидер Германия Россиянын маанилүү экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, Москва мындан ары да эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенине токтолгон.

Путиндин айтымында, бүгүнкү күндө Германиянын Россия экономикасына жасаган инвестициясы 20 миллиард доллардан ашат, ал эми Россиянын Германияга салган акчасы 10 миллиард доллардын тегерегинде.

Жаңылыктар түрмөгү
0