5 млн. доллар! АКШ россиялык хакер боюнча маалыматка ири суммадагы акча сайды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүМаскачан адам. Иллюстративдүү сүрөт
Маскачан адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Юстиция министрлигинен Москвада жашап жаткан Россия атуулу Максим Якубецке компьютерлердеги программаларды талкалап кирип жана банктарда алдамчылык кылган деген күнөө коюшкан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаменти россиялык Максим Якубецти кармоого жардам бере турган маалыматтар үчүн 5 миллион доллар суммасындагы акча сайды. Бул туурасында РИА Новости АКШнын Юстиция министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Маалыматта Максим Якубец Evil Corp деп аталган хакерлер тобун жетектеши мүмкүн деген боолголоо бар экендиги айтылган.

Бул АКШнын тарыхында кибер тармактагы кылмышка шектүү адам үчүн сунушталган эң ири суммадагы акча болуп калды.

Генеральный директор и соучредитель Twitter Джек Дорси - Sputnik Кыргызстан
Twitter негиздөөчүсү өзү хакерлердин чабуулуна кабылып, аккаунту талкаланды
Буга чейин АКШнын Финансы министрлиги өзүнүн версиясына таянып, россиялык компаниялар менен жеке тараптарга кибер кылмыштар боюнча санкция салган.

Юстиция министрлигинен Питтсбург шаары (Пенсильвания) жана Небраска штатында компьютерлердеги программаларды талкалап кирип жана банктарда алдамчылык кылганы үчүн деп Москвада жашап жаткан Россия атуулу Максим Якубецке күнөө коюшкан.

Ведомствонун маалыматына караганда, ал "акыркы 10 жылда жасалган эң жаман чабуулдар" үчүн жоопкер болушу керек.

Юстиция министрлигинен кишилердин жеке жана финансылык маалыматтарын уурдай турган Bugat деп аталган зыяндуу программаны тараткан кылмыштуу топко Якубец жетекчилик кылган дешти.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0