06:40 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
559 0 0

4-декабрь күнү Лондон шаарында НАТО саммити өттү. Аскерий эксперт, КМШ институтунун ШКУну өнүктүрүү жана евразиялык интеграция бөлүмүнүн жетекчиси Владимир Евсеев жыйындын жыйынтыгы тууралуу кеп салды.

Улуу Британияда өткөн НАТОнун мааракелик саммитинде Түркия көйгөйү боюнча ички пикир келишпестиктин күчөшү, Россия жана Кытай менен мамиле куруу, альянсты кеңейтүү жана ар кыл миссияга, биринчи кезекте Афганистанда окуяларга катышуусу талкууланды.

Макрон жана НАТО

Талкууга туз менен мурчту Франция президенти Эммануэль Макрон кошуп койду. Ажо алгач The Economist басылмасына маек куруп жатып "уюм (НАТО) толугу менен союздаштар арасындагы координациясын жоготуп, мээси иштен чыкты" деди. Муну АКШ президенти Дональд Трамп да, Германия канцлери Ангела Меркель да, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган да, анан, албетте, альянстын башкы катчысы Йенс Столтонберг да катуу кабыл алып, мындай кескин пикирге макул эместигин айтышты. Бирок ага чейин Трамптын НАТОну эскирген институт деп атаганы көпчүлүктүн эсинде.

Ал эми Макрондун Сириянын түндүк-чыгышындагы аскерий операциясы ("Тынчтык булагы") үчүн Түркия НАТОнун колдоосуна ишене албайт деген билдирүүсү Анкаранын катуу нааразычылыгын жаратты. Эрдоган "Түркиянын эгемендүүлүгүн урматтоо керектигин" айтып жооп да берген.

НАТО жана Түркия

Альянстын ичинде Түркияга карата этият мамиле жасалып келгени эч кимге жашыруун эмес. Түркия уюмдун курамында туруп деле кескин сөз айтуудан, айрым кадамдарына макул болбой коюудан тартынбай келет. Бул 2003-жылы Иракта Саддам Хусейнге каршы жасалган аракеттерде даана байкалган. Анкара эл аралык коалициялык күчтөргө өз территориясын пайдаланууга тыюу салган болчу.

Маселени Сириядагы абал да оорлотуп жиберди. 2012-жылы Түркия Сириянын ракета кооптуулугунан коргоном деп альянстын 5-беренесин, б.а., жамааттык коргонуу тууралуу беренени ишке ашырууну талап кылган. АКШ, Германия жана Нидерланддар Түркиянын аймагына Patriot зениттик комплекстерин жайгаштырууга аргасыз болгон. Ал эми 2015-жылдын октябрында Анкаранын өтүнүчүнө карабай аскердик күчтөр чыгарылган.

Ушу тапта АКШ Түркиядан Инжирлик аскерий базасында жайгашкан 50 тактикалык өзөктүк зарядын алып чыгууну ойлонуп жаткан кези. Бирок ошол эле учурда Анкаранын Россиядан чыккан С-400 комплекстерин сатып алуусуна бөгөт коё алган эмес.

"Тынчтык булагы" операциясын баштоо менен Түркия АКШны Сириядан күчтөрүн алып чыгып кетүүгө аргасыз кылды. Бул Вашингтон менен "Демократиялык Сириянын күчтөрүнүн" (ДСК) мамилесин кыйла солгундатып койду. Ал эми ДСК Россиянын ортомчулугу аркасында Дамаск менен аскерий кызматташууга бара турган болуп калган эле. Албетте, америкалыктар сириялык күрддөрдү курал-жарак, ок-дары менен азыркыга чейин деле камсыздап, Дейр-эз-Зор провинциясынын чыгыш аймагындагы куралдуу түзүлүштөр менен мамилелешип келе жатат. Бирок алардын Сириядагы таасири барган сайын алсыроодо, Вашингтон мындай жагдайга түрк тарап күнөөлүү деп эсептейт.

Анын үстүнө НАТО саммити алдында президент Эрдоган альянс жетекчилигин опузалоого да барды. Түркиянын уюмдагы өкүлү Балтика жана Польшаны коргоо боюнча планга бөгөт коюп, күрд отряддарын террордук уюм деп таанууну талап кылды.

Саммиттин жыйынтыгы менен Балтика жана Польшаны коргоо планы баары бир бекитилди. Түркия менен күрддөр өзүнчө талкууланмай болду.

Аскердик чыгымдар

Аскерге корогон чыгым абдан курч мүнөздө талкууланды. Дональд Трамп НАТОну каржылоо милдетин негизинен АКШ алып келерин белгиледи. Ал Американын чыгымы ИДПнын 3,4 пайызын түзсө, Германия менен Францияда бул көрсөткүч 1,2 пайыз экенин да эске салып өттү. Альянска мүчө мамлекеттер чыгымды 2 пайызга чыгарууну пландап жатышат, бирок европа өлкөлөрүнүн башчылары Жакынкы жана Орто Чыгыштан, Түндүк Африкадан агылган миграцияны эске алуу менен мындай тобокелчиликке бара албай турганын кыйытты.

Ошентсе да 2020-жылы НАТОнун коргоо тармагына корото турган акчасы 130 миллард долларга, 2024-жылы 400 миллиард долларга өсмөй болду. Башкача айтканда, альянс аскердик муктаждыкка жалпы жонунан 1,4 триллион доллар жумшайт.

Кытай, Россия жана көзөмөл

Европадагы каршылык АКШнын орто аралыктагы ракеталарды жайгаштыруу планын шарттамакчы. Бул Вашингтондун орто жана жакын аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимден чыгышынан кийин мүмкүн болду. Саммит учурунда Трамп Москва менен бул жаатта жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшө турганын убадалады.

Жалпысынан алып караганда НАТОнун ичинде Россияга болгон мамиле боюнча пикир келишпестиктер бар экени айкын болду. Эгер чыгыш жана борбордук Европа өлкөлөрү Москвадан этияттап, кооптуулугун камсыздоо боюнча жаңы кепилдиктерди талап кылса, Франция, Германия жана Италия башында турган башка мамлекеттер Россия менен чыңалууну жоюп, өнөктөш мамиле түзүүгө кызыкдар.

Күтүүсүз жерден мындай позицияны АКШ президенти Дональд Трамп менен НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг колдоп беришти. "Ал (Россия) НАТОнун эң ири коңшусу, ошол боюнча калат", — деди баш катчы.

Саммитте биринчи жолу НАТО үчүн Кытай чакырык болуп калды. Столтенберг Кытайдын өнүгүүсү көйгөйлөр менен эле кошо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү да тартуулай турганын белгиледи.

"Кытай жаңы аскердик мүмкүнчүлүктөргө инвестиция салууда, бүгүнкү күндө аскердик бюджетинин көлөмү боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Жакында эле бул өлкө атомдук курал-жарактын жаңы түрүнө ээ болду. Буга чогуу жооп беришибиз керек", — деди ал.

Эмне дейбиз? Албетте, жалпысынан АКШ НАТОго көзөмөл жасоочу абалын сактап турат. Альянска Түндүк Македониянын кошулуу процесси да ийгиликтүү өтүүдө. НАТО мамлекеттери космосту альянстын ишмердүүлүгү жүрө турган бешинчи чөйрө деп таанып, кибер чабуулга жана гибриддик коркунучка каршы туруу үчүн технологиялык потенциалын жогорулатууга белсенип жатат.

Тема боюнча

Депутат: НАТОнун космостогу пландары ааламды кыйратат
НАТО күнү бүткөндүгүн жаап-жашыруу үчүн ич ара сүйлөшүүдө
Белгилер:
кызматташуу, Аскер, Франция, АКШ, Сирия, Россия, альянс, НАТО

ЭҢ МААНИЛҮҮ