21:22 19 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
320 0 0

Кемелер кайсы долбоор менен курулары азырынча белгисиз. Эскерте кетсек, "Мистраль" сыяктуу тик учактуу кемелерди алуу боюнча Франция менен келишим бузулгандан кийин россиялыктар дароо бир нече вариант даярдап үлгүргөн.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Россия флоту 2020-жылдардын ортолорунда таптакыр жаңы кемелерди — универсалдуу десанттык кораблдерди (УДК) пайдаланууга алат. Кеме куруучулар, конструкторлор жана аскер адамдары ушу тапта УДКнын милдеттери менен долбоордун майда-барат деталдарын макулдашуудан өткөрүп жатышат.

Ири пландар

Тик учактуу кемелер Керчтеги "Залив" заводунда курулмакчы. Курулуш 2020-жылы башталып, Россиянын аскер-деңиз флотуна 2025 жана 2026-жылдары өткөрүп берүү пландалууда. Серия кийин да уланышы мүмкүн.

Кемелер кайсы долбоор менен курулары азырынча белгисиз. Эскерте кетсек, "Мистраль" сыяктуу тик учактуу кемелерди алуу боюнча Франция менен келишим бузулгандан кийин россиялыктар дароо бир нече вариант даярдап үлгүргөн. 2015-жылы Невалык долбоорлоо-конструкторлук бюро "Прибой" УДКсынын концепциясын даярдаган. Бул корабль эки айга чейин автономдуу түрдө суу үстүндө болуп, 11 миң чакырым аралыкка чейин сүзө алат. "Прибой" Ка-27 сыяктуу сегиз учак менен алты десанттык катерди батырууга ыңгайлаштырылган. Мындан тышкары, кемеге 500 десантчы менен сооттолгон техниканын 60 даанасы батат.

Тик учактуу кемелердин дагы бир вариантын Крылов атындагы мамлекеттик илимий борбор сунуштады. Ал алда канча чоң келип, 16 Ка-52, Ка-29 жана Ка-27 тик учак батат. Бортуна 500 десантчыны сыйдырып, 50 аскердик техника алып жүрүүгө жөндөмдүү. Аскерлерди жээкке "Серна" же "Раптор" катерлери менен жеткирүү каралган. Кеменин ылдамдыгы 20 түйүндөн ашуун, 11 миң чакырым аралыкка чейин бара алат, бирок автономдуулугу болгону 30 сутка.

Коргонуу үчүн кораблде АК-176М артиллериялык түзүлүш, "Деэт" деп аталган АК-630 30 миллиметрлик арттүзүлүш, "Панцирь-МЕ" зениттик эки комплекс жана кайыктарга каршы "Паект-НК" комплекттери бар.

Суу алдында жүрүүчү кемелерге аңчылык

Россиянын өндүрүшү мындай кемелерди куруу боюнча тажрыйбасы мол. Бирок советтик кемелер милдети жана функциясы боюнча айырмаланып турчу. СССРде десанттык операциялар экинчи орунда эле, ал эми аскерлерди жээкке жеткирүү үчүн ири десанттык кемелер пайдаланылат.

Советтик адмиралдардын тынчын ал кезде суу алдында жүрүүчү атомдук кайыктар алып келген. 1960-жылдары кеме куруучулар субмариналар менен күрөш жүргүзө алчу тик учактуу крейсерлерди куруу тапшырмасын алышат. Ал атаандашты өз алдынча таап, изине түшүп, жок кылууга жөндөмдүү болушу шарт эле.

Бир нече жылдан кийин Кара деңиз флоту ушундай долбоордун негизинде курулган "Кондор" крейсерлери менен жабдылды. Биринин аталышы "Москва" болсо, экинчисин "Ленинград" дешкен. Алардын конструкциясы да башкача эле. Эгер алды жагы кадимкидей V сыяктуу болсо, артка жылган сайын корпусу кеңейе берген. Үстү жагынан караганда алмуруттун элесин чагылдырчу. Мындай чечим учуучу палубаны кеңейтүү үчүн жасалган.

Ангарларында кайыкка каршы кезек менен учуп чыгып, чалгын жүргүзгөн 14 тик учак жайгашкан. "Кондорлордун" бортунда күчтүү радиолокациялык жабдуу жана курал-жарак сакталып турчу.

Ага карабастан кеменин кемчиликтери да болгонун жашырышпайт. Башкача формасынан улам катуу шамал болгондо толкунда калып калчу. Палубага кирген суу андагы жабдыктардын баарын жарактан чыгарып салышы мүмкүн эле. Мындан тышкары, кемени башкаруу үчүн көп күч керек болчу, экипаждын саны 800гө чейин жеткен учурлар болгон.

Ошентсе да аталган кораблдер Жер ортолук деңиз менен Атлантика океанында өз милдетин жакшы аткарган. Суу алдында жүрүүчү кайыктар менен эле күрөшпөстөн, издөө жана куткаруу операцияларына да катышчу. Мисалы, 1974-жылы Суэц каналын минадан арылтуу үчүн "Ленинград" пайдаланылган.

Бул крейсерди 1991-жылы иштен чыгарып, индиялык компанияга темирге сатып жиберишкен. "Москва" узагыраак жашады — акыркы жолу деңизге 1993-жылы чыгып, андан кийин казармага айланган. Ал эми 1997-жылы темир-тезекке сатылып кеткени маалым.

Жалпы идея

Батыш өлкөлөрүнүн кеме куруу боюнча тажрыйбасы алда канча мол. Өзгөчө америкалыктар бул жаатта тай чабым алдыда. 1970-жылдардын ортосунда АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн "Тарава" деп аталган УДКсы бар эле. Бул ири экспедициялык кораблдер болчу, керектүү жерге эки миңге чейинки десантчыны, ондогон техника жана тик учактарды жеткирүүгө жөндөмдүү болчу.

АКШ флотуна 2015-жылга чейин кызмат өтөгөн "Тараваларды" заман талабына ылайыкташкан "Уосп" алмаштырды. Мындан тышкары, АКШда жаңы сериядагы "Америка" десанттык кораблдери курулуп, флоттун курамына кирген.

Америкалыктардыкындай десанттык кемелерди курууну СССР деле пландап жүргөн. 1980-жылдардын ортолорунда конструкторлор 11780 шифри менен универсалдуу десанттык кеменин долбоорун иштеп чыгышкан. Ал АКШ кемесине ушунчалык окшош болгондуктан "Иван Тарава" деген аталыш алган.

200 метрлик учуучу палубасы бар кемеге тик учактар менен бирге эле Як-38 самолеттору да жайгаша алмак. УДКга 10 миңден ашуун десантчы, 40 танк жана 15 бронетранспортерду батыруу пландаштырылган. Бирок жетекчилик ичиндеги пикир келишпестиктерден улам долбоор ишке ашпай калган. Ал эми СССР урагандан кийин таптакыр токтотулду.

Тема боюнча

Россия менен Сауд Аравия аскер-техникалык жаатта кызматташат
БАЭдеги Ми-38: араб шейхтери АКШнын авиатехникасын Россияныкына алмаштырганда
Белгилер:
учак, танк, Россия, АКШ, кеме, тик учак

ЭҢ МААНИЛҮҮ